Ош шаарындагы Курманжан датка жана Алымбек датка көчөлөрүн бириктирген П.Арзыкулов көчөсү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана жергиликтүү жашоочулардын катышуусунда жол ачылды.
🔹Арзыкулов көчөсүнүн жалпы жолдун узундугу 300 метр, туурасы 10 метр болуп жол 2 тилкелүү болуп оңдолду. Бир тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар , жашыл аймак каралып, ирригациялык лотоктор орнотулду.
🔹Бул иштер Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин рейддик кыдыруу учурунда аталган көчөгө келип, жолду кеңейтүү жана асфальттоо тапшырмасынын негизинде аткарылды.
🔹Көчөнү оңдоп-түзөө иштери толугу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып жасалды.






