ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

✅ Ош шаарындагы эмерек жана килем базары Жаңы Ош базарына көчүрүлдү

🔹 Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жаңы ачылган Жаңы Ош базарына көчүрүлгөн эмерек жана килем саткан соодагерлер менен жолугуп, соода жайын кыдырып көрдү. Мэр соодагерлерге жаңы базарда ийгиликтерди каалап, ак батасын берди.
🔹 Белгилей кетсек, бүгүнтөн тарта соодагерлер жаңы соода жайларына жайгаша башташты. Көчүрүү иштерине Ош шаарынын мэриясы көмөк көрсөтүүдө. Соодагерлер үчүн бардык шарттар түзүлүп, соода жайлары жабык имаратта жана жолго ыңгайлуу, кенен аймакта жайгаштырылды.
🔹 Эске салсак, буга чейин аталган базар Ош шаарындагы борбордук көчөлөрдүн жээгинде, турак жайлардын алды соода орундарга айланып иштеп келген. Айрым учурларда соодагерлер унаа жолго чейин чыгып соода кылышкан.
Бул иштер Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин базарларды бир аймакка топтоо демилгесинин алкагында ишке ашырылууда. Учурда Ош шаарындагы отуздан ашык майда базарлар жаңы ачылган Жаңы Ош базарына көчүрүлдү. Алар менен базар дирекциясынын ортосунда келишимдер түзүлүп, иш алып баруу уланууда.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео