ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

✅ Ош шаарынын мэри жакында пайдаланууга берилген “Айданек” балдар бакчасынан кабар алды

Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгында “Айданек” балдар бакчасында түзүлгөн шарттар менен калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ата-энелер таанышып чыгышты.
🔹 Эске салсак, аталган имаратты өлкө башчысы Садыр Жапаров Элдик курултайдын алкагында онлайн форматта ишке берген.
🔹 Эки кабаттан турган 370 орундуу балдар бакчасы эскилиги жеткендиктен буга чейин оор шартта иштеп келген. Мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасынын негизинде имарат толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заман талабына ылайык бардык шарттар түзүлдү. Ошондой эле балдар үчүн оюн аянтчалары, беседкалар жана отургучтар орнотулду.
🔹 Мындан тышкары, балдар бакчанын айланасындагы мыйзамсыз курулуштар бузулуп, жалпы 12 сотых жер кайрадан мекеменин карамагына кайтарылды.
🔹 Курулуш иштери 2025-жылдын сентябрь айында башталып, декабрь айында ийгиликтүү аяктады. “Айданек” балдар бакчасында жалпысынан 670 бала трабияланат.
🔹Бала бакчанын оңдоп-түзөө иштери республикалык бюджеттен каржыланды.

default

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео