ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

✅ Таңкы рейд: Ош көчөсү Манас айланма жолуна чейин кеңейтилет

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Манас-Ата аймактык башкармалыгына караштуу Ош көчөсүндө кезектеги таңкы рейд өткөрдү.
🔹Рейддин жүрүшүндө аталган көчө Раимбеков көчөсүнөн Касымбеков көчөсүнө чейин төрт тилкелүү жол катары кеңейтилери белгиленди. Ошондой эле бул көчө Ош эл аралык аэропортуна алып чыгуучу кошумча альтернативдүү жолдордун бири болору айтылды. Ушуга байланыштуу, кызыл сызыкка чыккан мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштерин баштоо тапшырмасы берилди.
🔹Мындан тышкары, шаар мэри Ош көчөсүндө жайгашкан “Жетиген” билим берүү мекемесинин аймагындагы коммерциялык объекттин курулушунун мыйзамдуулугун текшерүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.
🔹Белгилей кетсек, аталган көчө 24 метрге чейин кеңейтилип, эки тарабында жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жана жашыл аймактар каралат.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео