🔹Ош шаары менен Андижан облусунун ортосунда кызматташуу боюнча жол картасына кол коюлду. Эки тараптуу жолугушууга мэр Жеңишбек Токторбаев, Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, Өзбекстандын Маданият министри Озодбек Назарбеков жана Андижан облусунун акиминин орун басары Исманов Исомиддин баштаган делегация өкүлдөрү катышты.
🔹Жолугушуунун жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин жарлыгына ылайык “Достук” ордени менен сыйланды.













