«Бүгүнкү кече — өнөрдүн улуулугун даңазалаган, жүрөктөрдү жакындаткан өзгөчө саамалык. Май айынын алгачкы күндөрү Ош сахнасында тартууланган “Чолпон” балети жана Жузеппе Вердинин “Травиата” операсы көрүүчүлөрдүн жүрөгүндө өчпөс таасир калтырды. Аншлаг менен өткөн бул кечелер жогорку искусствого болгон урмат-сыйдын айкын далили болду», — деди ал. Иш-чарада Ош шаардык мэриясынын атынан театрдын жамаатына 100 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды.
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры – өлкөдөгү жалгыз опера театры. Ал 1930-жылдары музыкалык-драмалык театр катары түзүлүп, 1942-жылы опера жана балет театры болуп кайра уюшулган. Театрдын 1955-жылы курулган имараты архитектуралык жактан өлкөдөгү эң кооз маданий жайлардын бири болуп эсептелет.
