Эртең 28-февраль саат 09:30 JIA Бизнес Ассоциациясы, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги (ЭКМ), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы (МСК) жана Ош мэриясы ишкерлерге маалыматтык колдоо көрсөтүү максатында биргелешкен долбоорду ишке ашырууну жарыялайт.
Маалыматтык жолугушууда Салык кодексине киргизилген жаңы өзгөртүүлөр, чакан жана орто бизнес үчүн салык режимдер, контролдук-кассалык машиналарды колдонуу эрежелери, электрондук кампа жана ЭТТККны колдонуу эрежелери, электродук эсеп фактураны (ЭЭФ) берүү тартиби, салыктар жана социалдык камсыздандыруу электрондук отчетторун өз алдынча тапшыуу сыяктуу ишкерлердин актуалдуу маселелери жөнүндө, ошондой эле мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан ишкердикти текшерүүгө тыюу салган мораторий жана жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө маалыматтар берилет.
🔹Долбоордун алкагында 2024-жылдын 28-февралынан 20-мартына чейин Кыргызстандын бардык облус борборлорунда: Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Каракол, Нарын, Талас шаарларында ЭКМнин, МСКнын өкүлдөрүнүн жана JIA Бизнес Ассоциациясынын алдындагы Ишкердикти колдоо борборунун консультанттарынын катышуусунда маалыматтык жолугушуулар уюштурулат. Катышуучулар эң актуалдуу салык маселелери жана бизнести текшерүүгө мораторий боюнча пайдалуу маалыматтарды жана билимдерди ала алышат.
🔹Иш чаранын аягында иш чарага катышкан ишкерлер салык кызматынын кызматкерлери жана Ишкердикти колдоо борборунун консультанттарынан жеке консултацияларда алганы мүмкүнчүлүктөр болот.
Маалыматтык жолугушуулар экономиканын бардык тармактарындагы ишкерлерге, ошондой эле компаниялардын жетекчилерине жана алардын бухгалтерлерине багытталат.
Күнү: 28.02.24
Дареги: ОшМУ, Башкы корпус, жыйындар залы
Убактысы: 9:30-12:30
+996 505 671 566