АТРдин алкагында кошулган муниципалдык мекемелердин баары Ош шаарынын мэриясы тарабынан көзөмөлгө алынды.
Ош шаарынынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров административдик-аймактык реформанын алкагында шаар аймагына кирген Нариман айыл өкмөтүнүн Шарк айлында, Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айыл өкмөтөрүндө жайгашкан медициналык мекемелеринин ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып чыкты.
Таанышуу учурунда Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгында тез жардам борборунун 2 филиалын (подстанция), Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын калкынын жол көйгөйлөрүн четтетүү максатында кошумча маршуруттук каттамдарды ачуу сунушталды.
Анын натыйжасында тиешелүү муниципалдык аймактык башкармалыктардын, саламаттыкты сактоо тармагынынын жетекчилерине аталган аймактардагы медициналык мекемелердин ишин жакшыртуу боюнча жумуштарды алып баруу, сунуштарды киргизүү боюнча протоколдук тапшырмалар берилди.