Ош шаардык Кеңешинин кезектеги VII сессиясы өтүүдө

Ага Ош шаардык Кеңештин төрагасы Болот Баетов, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, мэрдин орун басарлары, депутаттар, шаардагы мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышууда. Сессиянын күн тартибинде “Ош ТВ” муниципалдык мекемесин түзүүгө макулдук берүү, Ош шаарында “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашырылышы, Ош шаарынын мэриясынын шаардагы унаа тыгындарын азайтуу жана жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөө боюнча аткарылып жаткан иштер […]
Ош шаарында жаштардын жана жашы жете элек өспүрүм балдардын арасында баңги каражаттарын, психотроптук, синтетикалык заттарын колдонуунун алдын алуу максатында бир айлык акция жарыяланды

Ош шаарында жаштардын жана жашы жете элек өспүрүм балдардын арасында баңги каражаттарын, психотроптук, синтетикалык заттарын колдонуунун алдын алуу максатында 16-апрелден тарта 16-майга чейин бир айлык акция жарыяланды. Анын алкагында Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармек департаментинин түштүк филиалынын кызматкерлери жана Ички иштер министрлигинин баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан синтетикалык баңги заттардын жана дарыкана […]
Мэр жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алып, суроо, кайрылууларын укту. Кабыл алууга мэриянын бөлүм башчылары жана шаардык, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү катышып, шаардыктардын бир катар көйгөйлүү маселелерин чечүү боюнча тиешелүү суроолорго жооп беришти. Жарандар негизинен коммуналдык, социалдык тармактарга байланыштуу, жер, турак жай, мыйзамсыз курулуштар жана башка көйгөйлөр […]
А.Навои көчөсү менен кесилишкен ички көчөлөр мыйзамсыз курулуштардан бошотулуп, кеңейтилет

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтар менен биргеликте таңкы рейддик кыдырууну улантты. Шаар башчысы бул жолу Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгындагы Шамшат, Х. Мирзакантов, Бостон жана Ф. Мирзажанов көчөлөрүн көрүп чыкты. Мэр аталган көчөлөрдө унаа жолго чейин чыгып кеткен жана каналдын суу корук аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды алып салуу боюнча жеринде тапшырмаларды берди.
Ош шаарында Өзбекстандын белгилүү ырчы жана аткаруучуларынын концерти болуп өттү

Эки боордош элдин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо максатында Кыргыз Республикасындагы Өзбек улуттук маданий борбору Өзбекстан Республикасынын «Ватандошлар» коомдук кайрымдуулук фонду менен биргеликте жана жергиликтүү бийликтин колдоосу менен маданий иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чарада Өзбекстан Республикасынын маданий ишмерлери тарабынан музыка ышкыбоздоруна жагымдуу маанай тартууланды. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, шаардык кеңештин депутаттары, Өзбекстан Республикасынын […]
Кең-Сай жаңы кошунун келечеги каралды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы муниципалдык мекеме-ишканалардын, укук коргоо органдарынын жетекчилери менен Алымбек-Датка аймактык башкармалыгына караштуу Кең-Сай жаңы конушунда кезектеги көчмө аппараттык жыйынын өткөрдү. Ага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, Ош шаарынын прокурору Бакытбек Сыдыгалиев, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Дамирбек Исаков катышты. Алгач тиешелүү кызматтар Кең-Сайдан жеке тараптарга берилген жер аянттары […]
Менчиктештирилип кеткен “Весна” кинотеатры

“Токтогул” эс алуу багындагы “Весна” жайкы кинотеатры Ош облусунун мамлекеттик мүлк фондусунун 1999-жылдагы алуу-сатуу келишиминин негизинде РИА «Азия Табак» жоопкерчилиги чектелген коомуна 180 000 сомго сатылып, анын негизинде 1999-жылы менчик укугу жөнүндөгү күбөлүгү берилген. Андан кийин “Бакай-Банк” ААКнун Ош филиалына, бир катар жеке тараптарга сатып алуу келишиминин негизинде жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик […]
Унаа тыгынын азайтуу максатында Р.Абдыкадыров көчөсү Амир-Тимур көчөсүнө (Калинин) чейин узартылат

Бүгүн, 3-апрель күнү, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге Р.Абдыкадыров көчөсүн Курманжан-Датка көчөсүнөн Амир-Тимур көчөсүнө (Калинин) чейин узартуу долбоору менен таанышып, жеринде тийиштүү жумуштарды баштоо боюнча тапшырмаларды берди. Айта кетсек, аталган иштер Ош шаарынын башкы планына жана деталдык пландоо долбооруна ылайык жүргүзүлүүдө.
Озгур айылында көчөлөрдү иретке келтирүү иштери улантылат

Бүгүн, 1-апрель күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Озгур айылындагы рейддик кыдыруусун улантып, аймактагы жолдордун жана сел каналдарынын абалын көрүп чыкты. Мэр бул айылда курулушу токтоп калган мектеп жана балдар бакчасын куруу иштери кайрадан жандана тургандыгын белгилеп, айылдын жолдорун иретке келтирүүгө жергиликтүү тургундарды көмөктөшүүгө чакырды. Шаар башчысы ошондой эле тиешелүү кызматтарга сел жүргөн аймактарда алдын […]
Ош шаарында Орозо айт намазы окулду

Бүгүн, Ош шаарындагы 68 мечитте Орозо айт намаздары окулду. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев борбордук “Сулайман-Тоо” мечитинде айт намазга катышып, шаар тургундарын жана конокторун айт майрамы менен куттуктады. Шаар башчысы ар бир үйдө тынчтык, токчулук, береке, ынтымак жана аманчылык орун алып, бардыгына бекем ден соолук, руханий кубаныч менен жакшы иштерде ийгиликтерди каалады.