ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэриясынын 2024-жылга карата мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасынын долбоору

Ош шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 621-б буйругунун негизинде түзүлгөн жумушчу топ тарабынан Ош шаарынын мэриясынын 2025-жылга карата мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасынын долбоору иштелип чыкты. Программага байланыштуу суроолор жана сын сунуштарды (0555) 14-01-97 байланыш номери аркылуу жөнөтсөңүздөр болот. Толук маалымат тиркемеде Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасы_2025

Урматтуу Ош шаарынын борбордук базарындагы соодагерлер!

Сиздерге, 2025-жылдын 20-январынан тарта А.Навои көчөсүндө учурда иштеп жаткан борбордук базар жабыла тургандыгын эскертебиз. Белгиленген мөөнөткө чейин Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан жаңы муниципалдык борбордук базарга көчүп чыгууңуздарды өтүнөбүз. Белгилей кетсек, аталган убакыттан тарта эски базарда электр энергиясы, таза суу жана башка коммуналдык тейлөөлөр токтотулат. Учурда базардын ордуна эс алуу багын куруу долбоору даярдалууда. Ага чейин курулуштарды […]

Жаңы жыл майрамы өзгөчө шаң менен белгиленди

Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жыл майрамы салтанаттуу белгиленип, ага 15 миңге жакын адам чогулду. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов дагы катышып, калаа тургундарын жана конокторун жаңы жылы менен куттукташты. Майрам фейерверк менен коштолуп, Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа менен уланды.

Ош шаарынын мэри Б.Ж. Жетигеновдун Жаңы жылдык куттуктоо сөзү

Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Кадырлуу меймандар! Сиздерди саналуу сааттардан соң кирип келе жаткан Жаңы 2025-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Узап бараткан жылда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилеп, анын алкагында Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана экономикасын өнүктүрүү багытында алгылыктуу иштер аткарылды. Жаңырган жылда шаардыктардын жашоо-шартын жакшыртуу үчүн курулуш тармагы, чарба жаатында жана социалдык тармактарда […]

Ош шаарында жаңы жылдык шаң

Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылга карата майрамдык концерт өтүп жатат. Шаар тургундарына жана конокторуна “Келечек” балдар чыгармачыл борбору, С.Бекмуратов атындагы музыкалык мектеби, Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайы, П.И.Чайковский атындагы искусство мектеби тарабынан концерттик программа тартууланууда. Ошондой эле окуу жайлар, шаардык билим берүү, маданият башкармалыктары тарабынан да майрамдык программалар тартууланып, кечинде майрам фейерверк жана ыр-күүлөр […]

Ооруканадагы балдарга жаңы жылдык белектер тапшырылды

Бүгүн, 31-декабрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош облустук балдар ооруканасынын гематология жана онкология бөлүмүндө дарыланып жаткан 29 балага жаңы жылдык белектерди тапшырды. Мэр балдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, аларга тез күндө айыгып кетүүсүн каалады. Кошумчалай кетсек, Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан аталган бөлүмдө дарыланып жаткан балдардын […]

Бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер сыйланды

Бүгүн, Ош шаарынын социалдык-экономикалык жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишинде чоң жетишкендиктери, 2024-жылдагы жогорку көрсөткүчтөрү, кызматтык милдеттерин аткаруудагы ак ниет эмгеги, шаардык коомдук-саясий, маданий турмушундагы активдүүлүгү үчүн Ош шаарынын мэриясынынын аппаратынын, шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланышты. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-2025-окуу жылындагы […]

Коммуналдык чарба кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 30-декабрь күнү Ош шаарынын мэриясында Жаңы жыл майрамына карата шаардагы коммуналдык чарба мекеме-ишканалардын кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана ыраазычылык баракчалыры менен сыйланышты. Сыйлыктарды Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев тапшырып, шаарды гүлдөгөн, кооз, таза шаарга айландырууда коммуналдык кызматкерлердин салымы чоң экендигин билдирип, келе жаткан Жаңы жылда жаңы ийгиликтерди каалады.

Ош шаарында дагы бир өнөр жай ишканасы ачылды

Бүгүн, 30-декабрда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы – КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин катышуусунда онлайн форматында «ЭлПласт» ЖЧКсынын ирригациялык системалар үчүн полипропилен жана полиэтилен түтүктөрүн чыгарууга адистешкен ишкананын ачылышы болду. Белгилей кетсек, 100дөн ашуун жумуш орунга ылайыкташкан ишкана тарабынан айына 150 тонна өндүрүш чыгарылат.

Кең-Сай конушунун тургундары электр энергиясы менен камсыз болушту

Ош шаарынын четки аймактарынын бири Кең-Сай конушун электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бир топ иштер жасалды. Аймакка жалпысынан 15 чакырым электр чубалгылары тартылып, 5 трансформатор жана түнкү жарыктандыруу орнотулду. Белгилей кетсек, аталган конушта 100гө жакын жеке турак жайлар бар.

Юсупов Замир Байышович

Туулган күнү: 27-январь 1986-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2003-2008-жылдары. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) Университети. Эл аралык мамилелер факультети
Адистиги: Дүйнөлүк экономика.
2013-жыл. КР каржы министрлигинин окуу борбору. Бишкек.Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис.
2015-жыл. Кытай-Европа окуу борбору. КЭР. Ухань шаары. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн эл аралык семинар (Сертификат).
2015-жыл. КР экономика министрлиги, БУУнун программасы. Ош шаары.
Регионалдык деңгээлдеги туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планы (Сертификат).
2017-2019-жылдары. М. Адышов атындагы Ош Технологиялык Университети. Автомобилдик транспорт жана тейлөө технологиялары факультети.
Адистиги: Транспорттук процесстер технологиясы.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2009-2010-жылдары. «Би-Стар» ЖЧКсы, Mercedes–Benz компаниясынын расмий өкүлү. Бишкек шаары. Унаа тетиктер менен камсыз кылуу жана бажы иштери боюнча башкы адис.
2010-2012-жылдары. КР УИА химия жана химиялык технологиялар институту. Бишкек шаары.Башкы адис, экономист.
2012-2013-жылдары. Пахтаны кайра иштетүүчү заводу-«Ак-Алтын» АК, Ош облусу, Кара-Суу шаары. Директордун орун басары.
2013-2014-жылдары. КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы, Бишкек шаары. Мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы.
2015-2021-жылдары. Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы.
03.03.2021-06.09.2021 – Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.
10.2021 – 04.2023 – «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Ош шаарындагы транспорт кызматынын жетекчиси.
26.04.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Исаев Марс Асанович

Туулган күнү: 14-август 1981-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2020-2023-жылдар. М.Адышов атындагы Ош технологиялык университети.
Адистиги: өнөр жай жана жарандык курулуш.
2019-жылдан азыркыга чейин М Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети.
Адистиги: Аспирантура.
2003-2006-жылдар. Кыргыз-Орус Славян университети
Факультет: Юриспруденция
Адистиги: Кылмыш-жаза укугу.
1998-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Факультет: Финансы жана кредит
Адистиги: Банк иши (кызыл диплом)

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2006-2007-жылдары. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы. “ТӨБ” мамлекеттик ишканасы. Сатып алуулар боюнча адис.
2009-2010-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2009-2011-жылдары. «Нур Телеком» жоопкерчилиги чектелген коому, «О» мобилдик түйүнүнүн соода маркасы. Башкы директордун биринчи орун басары.
2011-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2012-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык көзөмөл жана финансы органдары менен иштөө боюнча аймактык башкармалыгы. Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы адиси.
2015-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын Ош облусу боюнча президенти.
2021-жылдан баштап – Кыргыз Республикасынын «Аргымак» ат спорту ассоциациясынын президенти.
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.

Азат Кубатбек уулу

Туулган күнү: 31-март,1991-жыл.
Туулган жери: Чүй обласы, Токмок шаары

БИЛИМИ:
2014-жыл – Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети. Адистиги: Юриспруденция.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
23.12.2015 – Токмок шаардык мэриясы, уюштуруу иштери жана документтик камсыздоо бөлүмү;
08.01.2016 – Токмок шаардык кеңеши;
19.03.2018 – Токмок шаардык мэриясы, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти;
02.08.2021 – Токмок шаардык кеңеши;
05.04.2022 – Saima Telecom, агенттик сатуу тобу;
07.12.2022 – Кыргыз Республикасынын Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Уюштуруу-укуктук иштер, экономика жана инвестиция тартуу бөлүмү;
30.01.2023 – Ош шаарынын мэриясы.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору.

Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич

Туулган күнү: 27-июль, 1984-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ: Жогорку
2006-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Эл аралык мамилелер;
2011-жылы – Ош мамлекеттик юридикалык институту. Адистиги: Юриспруденция;
2013-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр);
2020-2022-жылдары – Мэйдзи университети (Токио, Япония) Адистиги: Мамлекеттик башкаруу (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
09.15.2008 – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин түштүк аймактык башкармалыгы;
03.11.2010 – Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү;
08.12.2011 – Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы;
04.11.2016 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, КСДПнын депутаттык комиссиясынын катчылыгы;
13.06.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору.

Джунусбаев Сонунбек Калмаматович

Туулган күнү: 29-июль, 1985-жыл.
Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу районунун Каарман айылы.

БИЛИМИ:
2007-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: тарых мугалими;
2017-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Юриспруденция;
2021-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
02.01.2008 – Ош шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети.
25.02.2008 – ОшМУ, «Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы» кафедрасы;
01/08/2009 – Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмү;
02.01.2011 – Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети;
20.02.2019 – Ош шаарынын мэриясынын №2 “Сулайман-Тоо” МАБы;
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович

Туулган күнү: 30-май, 1966-жыл
Туулган жери: Чүй району, Сайлык айылы
1984-1986 -жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

БИЛИМИ:
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун «машыктыруучу-мугалим» адистиги боюнча аяктаган;
2013-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтун юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2010-2015 – Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты;
2015 – 2021 – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты;
28.11.2022-жылдан баштап Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.