Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү

Бүгүн, Ош шаардык прокуратурасында Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаарынын прокурору Бакытбек Сыдыгалиев, укук коргоо, фискалдык, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда 2024-жылдын 4-кварталындагы маселелер боюнча коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Координациялык кеңешинин жыйыны өттү. Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды: – Координациялык кеңештин 2024-жылдын 26-сентябрындагы №3/2 “Ош шаарынын ишкердик […]
Келерки жылы муниципалдык ипотекалык программасы боюнча курулган 5 көп кабаттуу үй пайдаланууга берилет

Ош шаарынын 7 аймагында учурда Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан ипотекалык жана үлүштүк курулуш программасы боюнча көп батирлүү турак-жайлар курулуп жатат. Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов шаар куруу тармагындагы тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Тилеке-Баатыр көчөсүндөгү №6 дарегиндеги 12 кабаттуу, Т.Турсунбаева №28 дарегиндеги 15 кабаттуу үйлөрдүн курулушу менен жеринде таанышып чыкты. […]
Ак-Буура дарыясынын нугундагы мыйзамсыз курулуш

Бүгүн, 24-декабрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге Төлөйкөн айылында Ак-Буура дарыясынын сол жээгине нугун буруп, мыйзамсыз курулган “Мөл булак” эс алуу жайына барды. Суу коругуна курулуп калган аталган жайдын ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө жана курууга тийиштүү архитектуралык уруксат кагаздары жок экени аныкталган. Буга чейин, эс алуу жайдын ээси жерди көрктөндүрүү үчүн алган. […]
Жаңы жылдык балатынын оту жанды

Бүгүн, 20-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтындагы жаңы жылдык балаты Ош шаарынын тургундарынын катышуусунда жандырылды.
Ош шаарында эт азыктарын чыгаруучу цех ачылды

Бүгүн, Ош шаарында Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгынын алкагында «100 өнөр жай – 2024” иш-чарасына киргизилген “Келечек” ачык акционердик коомунда эт азыктарын чыгаруучу цехтин ачылышы болду. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов катышып, жаңы заманбап ишкана эң жогорку сапаттагы эт азыктарын чыгарып, Ош шаарынын тургундарын жаңы жумуш орундары менен камсыздай турганын билдирди. […]
Ош шаарында энергетиктер күнү белгиленди

Бүгүн, 20-декабрда С.Ибраимов атындагы драма театрында “Энергетика тармагынын 90 жылдыгына” арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев катышып, энергетиктердин кесиптик майрамы менен куттукташты. Иш-чаранын алкагында мыкты кызматкерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары […]
Ош шаарында Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин күнү белгиленди

Бүгүн, 20-декабрда Ош шаарында Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин күнүнө карата иш-чара өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев, күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты. Иш-чаранын алкагында мыкты кызматкерлерге Ардак грамота, ыраазычылык баракчалар жана төш белгилер тапшырылды.
Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Бүгүн 20-декабрь, саат 19:00дө борбордук аянтта жаңы жылдык балатынын оту жанат. Балатынын бийиктиги 28 метрди түзөт. Иш-чара жандуу музыка менен коштолот.
Ош шаарынын жаш сүрөтчүлөрү эл аралык сүрөт сынагында жеңүүчү болушту

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Кытай Эл Республикасынын Фошань шаарында өткөн жаштардын “Төрт мезгилдин кооздугу” аталышындагы эл аралык сүрөт сынагында байгелүү орундарга ээ болушкан Ош шаарындагы Гапар Айтиев атындагы атайын сүрөт мектебинин окуучулары сыйланды. Балдарды Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров куттуктап, окучуулардын чыгармачыл өнөрүн өнүктүрүү үчүн эл аралык сынактарга катышуунун маанилүү экендигин белгиледи. Ошондой […]
Жаңы конуштардагы экологиялык абал

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында «Аракет – Кыргызстандын жаңы конуштарында жашаган жарандардын жашоо шартын жакшыртуу» долбоорунун алкагында Эдельвейс, Алай-1, Алай-2 жана “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгында экологиялык абалды жакшыртууга багытталган изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыгарылды. Жыйынтыктоочу жыйынга, Ош шаарынын мэриясынын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, “Аракет” долбоорунун өкүлдөрү, тиешелүү тармактар боюнча иш алып барган илимий кызматкерлер катышты. Жыйында, […]