ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэри кытайлык куруучулар менен жолугушту

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Кытай Эл Республикасынын Сычуань провинциясынан келген курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар заманбап, талаптарга ылайык шаар инфраструктурасын жакшыртуу, жаңы кичи райондорду куруу боюнча эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Коноктор шаардын инфраструктурасын жана административдик-территориялык реформанын алкагында кошулган аймактарды өнүктүрүүгө салым кошууга даяр экендиктерин билдиришти. Жолугушуунун жыйынтыгы менен […]

Ош шаарынын мэри жарандарды кабыл алды

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алып, сунуш, кайрылууларын укту. Кабыл алууга мэриянын аппаратынын өкүлдөрү жана шаардык, муниципалдык мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты. Жарандар негизинен жылуулук, материалдык жардам көрсөтүү, жер, ипотекалык шартта турак жай алуу, мыйзамсыз курулуштарга чара көрүү, тамактануучу жайлардын санитардык абалы, жаңыдан курулуп жаткан базардан орун алуу […]

Ош шаары Сиань (Кытай Эл Республикасы) шаары менен эки тараптуу байланыштарды өнүктүрөт

Бүгүн, 18-ноябрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарынын Элдик саясий кеңешинин төрагасы мырза Ван Жидэ баштаган делегация менен жолугушту. Жолугушууда тараптар соода-экономика, туризм, билим берүү, маданият тармактарында тажрыйба алмашуу, айыл чарбасында технологияларды өнүктүрүү жана экология жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги тууралуу пикир алышты. Жыйынтыгында Ош жана Сиань шаарларынын ортосундагы байланыштарды кеңейтүү […]

Ош шаарында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгү өтүп жатат

Бүгүн 17-ноябрда шаардагы 102 шайлоо тилкеси жана бир аралыктан добуш берүү тилкеси саат 08:00дө толук ачылды. Саат 12:00гө карата шайлоочулардын 8,3% же 19 миң 320 адам добуш берди. Ал эми аралыктан добуш берүү тилкесинде 176 шайлоочу же 21,8% добуш берди. Жалпысынан Ош шаарында 235 миң 452 шайлоочу болсо, аралыктан добуш берүүгө 809 шайлоочу катталган. Шайлоо […]

Ош шаарында ЖК депутаттарынын катышуусунда аялдардын ишкердигин өнүктүрүү маселеси талкууланды

КР “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамына “Аял ишкердиги” аныктамасын киргизүү тууралуу мыйзам долбоору жөнүндө малымдоого арналган тегерек стол өттү. Тегерек столго Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, Жогорку Кеңешинин депутаттары Элдар Абакиров, Жалолидин Нурбаев, «Демилгелүү айымдар» Коалициясынын Башкаруу органынын төрайымы Азиза Юлдашева, эксперттер катышты. Жыйында аял ишкердиги боюнча улуттук программа боюнча кенең маалыматтар берилип, […]

Ош шаарында 225 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн, 15-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда онлайн форматта Ош шаарынын Мээркан айылында жаңыдан курулган Ч.Түлөбердиев атындагы мектептин ачылышы болду. Иш-чаранын алкагында Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жергиликтүү тургундарды аталган мектептин ачылышы менен куттуктап, курулушка көмөктөшкөн жарандарга ыраазычылыгын билдирди. Айта кетсек, жаңы салынган имарат 225 окуучу орунга ылайыкташкан. Билим берүү мекемесинде окуучулардын билим алуусу […]

Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата жаштар форуму өттү

Бүгүн, 14-ноябрда, Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата “Келечек багыты – Жаштардын өнүгүү платформасы” аталышындагы жаштар форуму болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы Жаныш Жусупбеков, «Интербилим» коомдук уюмунун Ош облусундагы бөлүмүнүн башчысы Гульгакы Мамасалиева, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, өлкөнүн ар кайсыл аймактарынан келген жаштар […]

Ош шаарында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жеке курамынын гарнизондук бөлүштүрүүсү өткөрүлдү

Борбордук аянтта бүгүн, 17-ноябрда боло турган шайлоого карата коомдук коопсуздукту сактоого, мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган Ош шаарынын ички иштер органдары тарабынан көрүлгөн даярдыктарды текшерүү максатында гарнизондук бөлүштүрүү болуп өттү. Даярдык боюнча өткөрүлгөн иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Дамир Исаков, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, мамлекеттик жана муниципалдык […]

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган илимий-чыгармачыл жаштар форуму өттү

Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган илимий-чыгармачыл форуму өттү. Форумда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү, мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталар, кыргыз кесипкөй адабиятынын жаралышы жана белдүү залкар акын-жазуучулар, алардын адабий мурасы жөнүндө Кыргызстан, Өзбекстан, […]

Ош шаарында билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

Бүгүн, 13-ноябрда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгында жогорку окуу жайларынын жетекчилери, шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, мектептердин жана балдар бакчаларынын директорлору менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын, Ош шаардык прокуратурасынын, УКМКнын өкүлдөрү катышты. Жолугушууда окуучулардын коопсуздук ченемдерин жана эрежелерин катуу сактоо, билим берүү […]

Юсупов Замир Байышович

Туулган күнү: 27-январь 1986-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2003-2008-жылдары. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) Университети. Эл аралык мамилелер факультети
Адистиги: Дүйнөлүк экономика.
2013-жыл. КР каржы министрлигинин окуу борбору. Бишкек.Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис.
2015-жыл. Кытай-Европа окуу борбору. КЭР. Ухань шаары. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн эл аралык семинар (Сертификат).
2015-жыл. КР экономика министрлиги, БУУнун программасы. Ош шаары.
Регионалдык деңгээлдеги туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планы (Сертификат).
2017-2019-жылдары. М. Адышов атындагы Ош Технологиялык Университети. Автомобилдик транспорт жана тейлөө технологиялары факультети.
Адистиги: Транспорттук процесстер технологиясы.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2009-2010-жылдары. «Би-Стар» ЖЧКсы, Mercedes–Benz компаниясынын расмий өкүлү. Бишкек шаары. Унаа тетиктер менен камсыз кылуу жана бажы иштери боюнча башкы адис.
2010-2012-жылдары. КР УИА химия жана химиялык технологиялар институту. Бишкек шаары.Башкы адис, экономист.
2012-2013-жылдары. Пахтаны кайра иштетүүчү заводу-«Ак-Алтын» АК, Ош облусу, Кара-Суу шаары. Директордун орун басары.
2013-2014-жылдары. КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы, Бишкек шаары. Мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы.
2015-2021-жылдары. Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы.
03.03.2021-06.09.2021 – Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.
10.2021 – 04.2023 – «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Ош шаарындагы транспорт кызматынын жетекчиси.
26.04.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Исаев Марс Асанович

Туулган күнү: 14-август 1981-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2020-2023-жылдар. М.Адышов атындагы Ош технологиялык университети.
Адистиги: өнөр жай жана жарандык курулуш.
2019-жылдан азыркыга чейин М Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети.
Адистиги: Аспирантура.
2003-2006-жылдар. Кыргыз-Орус Славян университети
Факультет: Юриспруденция
Адистиги: Кылмыш-жаза укугу.
1998-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Факультет: Финансы жана кредит
Адистиги: Банк иши (кызыл диплом)

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2006-2007-жылдары. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы. “ТӨБ” мамлекеттик ишканасы. Сатып алуулар боюнча адис.
2009-2010-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2009-2011-жылдары. «Нур Телеком» жоопкерчилиги чектелген коому, «О» мобилдик түйүнүнүн соода маркасы. Башкы директордун биринчи орун басары.
2011-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2012-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык көзөмөл жана финансы органдары менен иштөө боюнча аймактык башкармалыгы. Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы адиси.
2015-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын Ош облусу боюнча президенти.
2021-жылдан баштап – Кыргыз Республикасынын «Аргымак» ат спорту ассоциациясынын президенти.
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.

Азат Кубатбек уулу

Туулган күнү: 31-март,1991-жыл.
Туулган жери: Чүй обласы, Токмок шаары

БИЛИМИ:
2014-жыл – Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети. Адистиги: Юриспруденция.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
23.12.2015 – Токмок шаардык мэриясы, уюштуруу иштери жана документтик камсыздоо бөлүмү;
08.01.2016 – Токмок шаардык кеңеши;
19.03.2018 – Токмок шаардык мэриясы, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти;
02.08.2021 – Токмок шаардык кеңеши;
05.04.2022 – Saima Telecom, агенттик сатуу тобу;
07.12.2022 – Кыргыз Республикасынын Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Уюштуруу-укуктук иштер, экономика жана инвестиция тартуу бөлүмү;
30.01.2023 – Ош шаарынын мэриясы.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору.

Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич

Туулган күнү: 27-июль, 1984-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ: Жогорку
2006-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Эл аралык мамилелер;
2011-жылы – Ош мамлекеттик юридикалык институту. Адистиги: Юриспруденция;
2013-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр);
2020-2022-жылдары – Мэйдзи университети (Токио, Япония) Адистиги: Мамлекеттик башкаруу (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
09.15.2008 – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин түштүк аймактык башкармалыгы;
03.11.2010 – Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү;
08.12.2011 – Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы;
04.11.2016 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, КСДПнын депутаттык комиссиясынын катчылыгы;
13.06.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору.

Джунусбаев Сонунбек Калмаматович

Туулган күнү: 29-июль, 1985-жыл.
Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу районунун Каарман айылы.

БИЛИМИ:
2007-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: тарых мугалими;
2017-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Юриспруденция;
2021-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
02.01.2008 – Ош шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети.
25.02.2008 – ОшМУ, «Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы» кафедрасы;
01/08/2009 – Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмү;
02.01.2011 – Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети;
20.02.2019 – Ош шаарынын мэриясынын №2 “Сулайман-Тоо” МАБы;
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович

Туулган күнү: 30-май, 1966-жыл
Туулган жери: Чүй району, Сайлык айылы
1984-1986 -жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

БИЛИМИ:
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун «машыктыруучу-мугалим» адистиги боюнча аяктаган;
2013-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтун юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2010-2015 – Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты;
2015 – 2021 – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты;
28.11.2022-жылдан баштап Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.