Ош шаарында 18-20-сентябрь күндөрү жарандык коргонуу боюнча машыгуулар өтөт

🔸 “Жарандык коргонуунун 2024-жылга даярдык планынын” негизинде Жарандык коргонуу тутумдарынын абалын баалоо жана текшерүү талаптарына ылайык ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгы, Ош шаарынын мэриясы биргеликте 18-сентябрдан тарта 20-сентябрга чейин атайын машыгууларды өткөрүшөт. Буга байланыштуу бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун, Өзгөчө Кырдаалдар министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамыркановдун жетекчилиги астында, жарандык коргонуу кызматтарынын, мекеме-ишканалардын, муниципалдык […]
Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары!

✅ Кыргыз прокуратурасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан “Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына 100 жыл – тарыхы жана азыркы учур” аталышындагы мыкты сүрөт, видеоролик жана баян боюнча сынак жарыялайт. 👉 Аталган сынакка 14 жаштан 35 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат (жеке жактар же чыгармачыл жамааттар). 👇 Сынак төмөнкү номинациялар боюнча […]
Амир-Тимур (Калинин) көчөсүн оңдоп-түзөө иштери башталды

Бүгүн 16-сентябрь күнү Амир- Тимур (Калинин) көчөсүн толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жумуштары башталды. Шаар башчысы Бакытбек Жетигенов иштин жүрүшү менен жеринде таанышып, иштерди белгиленген иш мерчеми боюнча жүргүзүүнү, мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды. Белгилей кетсек, аталган жолду Кытай Эл Республикасынын “Чайна Роад” ишканасы оңдоп, түзөйт. Жумуштардын алкагында тротуарларды, аялдамаларды куруу, ирригациялык, коммуналдык тармактарды орнотуу, жашылдандыруу иштери […]
Ош шаарында айрым коомдук транспорттордун кыймылына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет

16-сентябрдан тарта А.Мамыров көчөсүндөгү жолду оңдоп-түзөө иштери башталып, убактылуу жабылышына байланыштуу төмөнкү кичи автобустук каттамдарынын багыттары убактылуу өзгөртүүлөт. №116 кичи автобустук каттамы өзүнө бектилип берилген кыймыл чиймеси менен келип Т.Атабаев, Макаренко, Амир-Темир Р.Абдыкадыров, И.Саидов, Г.Айтиев көчөлөрү менен эки багытта жүрөт; №119 кичи автобустук каттамынын азыркы жүрүп жаткан кыймыл чиймеси менен келип Санкт-Петербург, Амир-Тимур, Р.Абдыкадыров И.Саидов, […]
Мамыров жана Амир-Тимур (Калинин) көчөлөрүнүн бир бөлүгү капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу жабылат

Ош шаарынын А.Мамыров жана Амир-Тимур (Калинин) көчөлөрүн капиталдык оңдоодон өткөрүү долбоорун ишке ашыруунун алкагында 16-сентябрдан тарта көчөлөрдүн төмөнкү багыттары боюнча унаа каттамы үчүн жабылат : Мамыров көчөсүнүн Д.Садырбаев көчөсүнөн (курулуш материалдарынын базары) Амир-Тимур (Калинин) көчөсүнө чейинки бөлүк; Амир-Тимур (Калинин) көчөсүнүн Г.Айтиев көчөсүнөн Р.Абдыкадыров көчөсүнө чейинки бөлүк. Унаа ээлерин жасалып жаткан жумуштарга түшүнүү менен мамиле кылууну […]
Ош шаарында 16-сентябрдан тарта “Коопсуз шаар” долбоору толук ишке кирет

Ош шаарында “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирип, атайын аппараттар жол эрежесин бузуу фактыларын автоматтык түрдө сүрөткө, видеого тартып алып, айып пул салынат. Кесилиштерге орнотулган камера бузуунун төмөнкү түрлөрү боюнча аныктайт: ➦ Ылдамдыкты ашырууда; ➦ Маршруттук унаалар жүрүүчү тилкеге жеңил унаа кирген учурда; ➦ Каршы жол тилкесине чыгууда; ➦ Коопсуздук курун тагынбаганда; ➦ Жөө жүргүнчүлөргө жол […]
Ош шаарында жалпы ишембилик болуп өттү

Бүгүн Ош шаарында Улуттук тазалык күнүнө карата жалпы ишембилик болуп өттү. Тазалык акциясына шаардагы бардык муниципалдык жана мамлекеттик мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары катышып, шаар аймагындагы өздөрүнө бекитилген аймактарды тазалап, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү. Белгилей кетсек, ишембиликке жалпы 8 миңге жакын адам катышып, 368 гектар жер аянты тазаланып, 976 тонна таштанды чыгарылды.
Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

🔰 Эртең, Улуттук тазалык күнүнө карата шаар аймагында ишембилик өткөрүлөт. 🧹 🧤 Андыктан шаар тургундарын, менчигинин түрүнө карабастан мекеме-ишканалардын кызматкерлерин ишембиликке активдүү катышууга чакырабыз!!!
Майыптыгы бар адамдарга жеткиликтүү шарттарды түзүп берүү маселеси каралды

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыровдун жетекчилиги астында Ош шаарынын мэриясынын алдындагы майыптыгы бар адамдардын жана балдардын маселелери боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйынга, мекеме-ишканалардын, бул жаатта иш алып барган коомдук уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты. Жыйындын күн тартибинде, майыптыгы бар адамдар үчүн коомдук жайларда түзүлгөн шарттар боюнча маселелер […]
Жарыя

Ош шаарынын мэриясы АӨБнын тарабынан каржылануучу “Ош шаарындагы таза суу алуучу курулма” долбоорлорунун ишке ашыруу бөлүмүнө бош орунга сынак жарыялайт. Жумуш орду: Ош шаары. Бул долбоор АӨБнын Ош шаарындагы ичүүчү суунун сапатын жакшыртуудагы, комплекстүү инвестициясы болуп саналат. Ош шаарынын мэриясынын алдындагы долбоорду башкаруу үчүн аны ишке ашыруу бөлүмү жооптуу. Азыркы учурда Ош шаарынын мэриясы, төмөнкү […]