Ош: шаар күнүнө карата “OSH MOTORS” фестивалы өттү

Бүгүн 5-октябрда, Ош Мамлекеттик университетинин “Ак-Буура” кампусунда (студенттер шаарчасында) Ош шаарынын күнүнө карата “Osh motors” авто-мото фестивалы болуп өттү. Фестивалдын алкагында жаңы, заманбап жана ретро үлгүсүндөгү унаалардын көргөзмөсү өтүп, Өзбекстандан, Бишкектен келген жана Оштун авто-мото сүйүүчүлөрү тарабынан экстрималдык ыкма менен унаа, мотоциклди башкаруу көндүмдөрү көрсөтүлдү. Ошондой эле, авто-мото сүйүүчүлөрдүн жогорку ылдамдыктагы “Дрифт” жарышмасы орун алды. […]
Ош шаарынын күнүнө карата Акылбек Жапаровдун катышуусунда жаңы мектеп ачылды

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын түптөлгөн күнүнө карата Алымбек Датка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Ирригатор көчөсүндө жаңы курулуп бүткөрүлгөн мектептин ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык билим берүү тармагынын, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Эки кабаттуу жаңы мектеп […]
Ош шаарынын күнү белгиленүүдө

Ош шаарынын түптөлгөн күнүнө карата бүгүн, Т.Сатылганов атындагы сейил багындагы жайкы театрда музыкалык окуу жайлардын студенттери, “Келечек” балдар чыгармачылык борборунун окуучулары тарабынан майрамдык концерттик программа тартууланды. Шаар күнүнүн урматына тургундар жана коноктор үчүн бий топторунун өнөрлөрү тартууланып, Ошту даңазалган, мекенчилдикке сүрөгөн ырлар жаңырды. Мындан сырткары, Алымбек датка этно борборунда театр чеберлери тарабынан театралдаштырылган чакан спектаклдер […]
Ош шаарынын мэри Б.Ж. Жетигеновдун 5-октябрь – Ош шаарынын күнүнө карата куттуктоо сөзү

Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Кадырлуу коноктор! Сиздерди Ош шаарынын күнү менен чын дилимден куттуктайм! Мына бүгүн тарыхы терең, берекеси мол, меймандос, кереметтүү калаабыздын 3024 жылдыгын белгилеп жатабыз. Борбордук Азиядагы эң байыркы шаарлардын бири болгон ордолуу Ош – кылымдар алмашып, доорлор өзгөрсө да өзгөчө баалуулуктарын сактап, тарыхый эстеликтери, маданий мурастары, ыйык Сулайман-Тоосу, Ак-Буура дарыясы менен өзгөчөлөнүп, […]
Ош шаарында окуучулар үчүн акысыз автобустар каттамга чыкты

Бүгүн, Ош шаарында окуучулар үчүн атайын автобустардын алгачкы каттамы ишке кирди. Бул демилге Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылды. Аталган автобустар күнүнө үч жолу, эрте менен, түшкүсүн, кечкисин акысыз каттайт. Автобустар төмөнкү багыттар боюнча каттайт: – №1 мектептик автобустук каттамы: Н.Исанов көчөсүндөгү троллейбустун акыркы аялдамасы – А.Шакиров – А.Масалиев көчөлөрү аркылуу түз […]
Ош шаарынын мэриясында коллегиялык жыйын өттү

Бүгүн, 30-сентябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйыны өтүп, күн тартибинде 3 маселе каралды. Алар: – Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышынын абалы жөнүндө; – Ош шаарынын жашоочуларынын арасында кан аркылуу жугуучу АИВ/КЖИС (ВИЧ/СПИД) , вирустук гепатиттерди алдын алуу максатында сулуулук салондорунда, косметологиялык […]
Ош шаарында мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата өткөрүлгөн Сармерден таймашы жыйынтыкталды

Ош шаарында бүгүн, 23-сентябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата уюштурулган Сармерден таймашында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жана КР Коргоо министрлигинин түштүк-батыш оперативдик командачылыгынын курамы финалга өтүп, күч сынашты. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаар тургундары, билим берүү мекемелеринин жамааттары, аскер […]
Ош: таза коом, таза шаар үчүн!

♻️ Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында, бүгүн Ош шаарынын аймагында жалпы ишембилик болуп өттү. 🧹 🧤 Ишембилике шаар аймагында жайгашкан мекеме-уюмдар, ишканалар, саламаттыкты сактоо мекемелери, билим берүү (жогорку жана кесиптик) мекемелери, базарлар, коммерциялык-соода түйүндөр (менчигинин түрүнө жана […]
Ош шаарында ишкерлер күнү белгиленди

Бүгүн, 20-сентябрда, Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын ишкерлер күнүнө арналган сыйлоо аземи болуп өттү. Сыйлоо аземине Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев катышып, жеке демилгеси менен аракеттенип, жашоонун түрдүү чөйрөлөрүндө эмгектенип келе жаткан бардык ишкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Ошондой эле шаардын экономикалык жактан өнүгүүсүнө салым кошкон ишкерлерди жана ишкана, компанияларды Ош шаарынын […]
Жаңы муниципалдык базардын айланасына 3 жол салынып, “Барсбек каган” айлампасынындагы жол кеңейтилүүдө

Ош шаарында жаңы муниципалдык базардын айланасындагы мурда пайдаланылбай турган үч кошумча жолду ачуу жана жаңы жолдорду салуу иштеринин жүрүшү менен Ош шаарынын мэри Бактыбек Жетигенов тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен көрүп чыкты. Иш ыргагынын жүрүшү боюнча жеринде сунуштар, толуктоолор айтылып, жасалып жаткан жолдорду сапаттуу, белгиленген мөөнөтүндө аткарууну тапшырды. Айта кетсек, кошумча жолдорду ачуу менен бирге “Барсбек […]