Ош шаарында “Боорукердик” үй-интернатынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Имараттын ачылышына Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, шаардык социалдык мекемелердин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Иш-чаранын алкагында шаар башчысы мекемеге белекке интерактивдүү доска тапшырды. Жаңы 3 кабаттуу үй-интернаты 32 карыган адамга жана 45 балага туруктуу жашоо үчүн ылайыкташтырылып, зарыл болгон бардык шарттар түзүлгөн. Үй-интернаттын курулушу Абдишүкүр ажы Нарматовдун […]
“Агартуучулук – билим берүүнүн өзөгү” аттуу илимий форум өттү

Бүгүн, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата жана Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген мугалими Сыдык Алайчиевдин элесине арналган “Агартуучулук – Билим берүүнүн өзөгү” аттуу илимий форум болуп өттү. Илимий-форум агартуучулукка арналып, анын алкагында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү – Кыргызстандын саясий системасынын башаты, Сыдык Алайчиевдин акындар чыгармачылыгындагы орду жана этнопедагогикалык […]
Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасы тажрыйбалуу айдоочуларды жаңы автобустарда жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн жумушка чакырат.

Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасы «D» категориясындагы тажрыйбалуу айдоочуларды жаңы заманбап автобустарда жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн жумушка чакырат. Талап: 21 ден 60 жашка чейин. Байланыш үчүн номерлер: ➨ +996 559 323 235; ➨ +996 557 060 601; ➨ +996 224 088 585.
Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер сыйланды

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери менен өзгөчөлөнгөн, жигердүү эмгектенген мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер КР Президентинин, КР Министрлер Кабинетинин алкышына татып, КР Жогорку Кеңешинин Төрагасынын атынан Ардак грамоталар, ыраазычылык баракчалар, КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин төш белгилери жана Ардак грамоталары менен сыйланышты. Сыйлыктарды Ош […]
Ош шаарынын мэриясынын административдик кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже топторунун кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыялайт

АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН КЕНЖЕ ТОБУ. Кесиптик билиминин деңгээли: ➨ жогорку же болбосо орто кесиптик билим (экономика жана башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, геология, энергетика жана электротехника, материал таануу, металлургия жана машина куруу, приборкуруу, автоматташтыруу жана башкаруу, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, архитектура жана курулуш, юридика багыттарындагы); ➨ иш стажына […]
Ош шаарында Апас Жумагуловдун 90 жаш мааракеси белгиленди

🔸 Бүгүн, Ош мамлекеттик университетинде “Кыргыз Республикасынын Баатыры”, көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмер, илимпоз Апас Жумагуловдун 90 жылдыгына арналган “Кыргызстандын эгемен жолундагы Апас Джумагуловдун ролу: тажрыйбалар жана чакырыктар” аттуу илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. 🔸 Иш-чарага Апас Жумагулов жубайы менен, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ОшМУнун ректору […]
Ош шаарына Бишкектен алгачкы троллейбустардын партиясы келди

🔸️ Алынып келинген алгачкы 6 даана троллейбусту Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов көрүп чыкты. 🚊 Жалпысынан Ош шаарына 100 даана троллейбус келет. Кийинки жумада дагы 10 троллейбусту алып келүү күтүлүүдө. 🚊 Белгилей кетсек, бул троллейбустарды шаардын батыш бөлүгүндөгү кичи райондорго каттатуу болжолдонууда. Аталган багыт троллейбустардын жаңы үчүнчү каттамы болуп калат.
Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Ош шаары эл аралык “Ачык жергиликтүү башкаруу” (OGP Local) демилгесине кошулду. Бул глобалдык тармакта 162 жергиликтүү башкаруу органы бар. Борбордук Азиядан азырынча Бишкек жана Ош шаарлары гана катышып жатат. “Ачык жергиликтүү башкаруу” демилгеси – бул эл аралык платформа болуп саналат. Мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандар менен биргеликте ачык-айкындуулук жана коом алдындагы отчеттуулук боюнча […]
Некролог: Ош шаардык ардагерлер кеңешинин президиумунун мүчөсү, жазуучу, эмгектин ардагери С.К. Шарипова мезгилсиз дүйнө салды

2024-жылдын 4-сентябрында Ош шаардык Ардагерлер Кеңешинин президиумунун мүчөсү, жазуучу, эмгектин ардагери Салима Шарипова мезгилсиз дүйнөдөн өттү. Шарипова Салима 1950-жылдын 25-августунда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Суу айылында туулган. Билими жогорку, 1973-жылы Тамак-аш өндүрүштөрүнүн Москва мамлекеттик университетин (мурдагы Эмгек Кызыл Туу ордендүү технологиялык эт жана сүт өнөр жай институту) ийгиликтүү аяктап, инженер-технолог адистигине ээ болгон. Эмгек жолун […]
Ош шаарында мектептер жана балдар бакчаларынын жетекчилери менен жолугушуу өттү

Жолугушууга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, УКМКнын жана шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү катышты. Жолугушуу окуучуларды 1-класска кабыл алууда, мектептен мектепке которууда жана бала бакчага орноштурууда коррупциянын алдын алуу максатында өткөрүлдү. Ошондой эле окуучулардын коопсуздук ченемдерин сактоо жана билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин эмгек ишмердүүлүгү боюнча маселелер талкууланды. КР УКМК мыйзам бузуулар аныкталса, тиешелүү […]