С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын 50 жылдык мааракеси белгиленди

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын 50 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, маданият ишмерлери, театрдын негиздөөчүлөрү, белгилүү актёрлор, республиканын бардык аймактарынан жана Анжиян театрынан келген театр өкүлдөрү, театр искусствосунун сүйүүчүлөрү […]
Ош шаарында селдин жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.

Ош шаарында селдин жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Учурда атайын техникалар тартылып, жеринде тиешелүү муниципалдык мекеме-ишканалардын иш алып барууда. Сел кесепеттерин жоюу иштерин Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов көзөмөлдөп жатат.
Ош шаарынын аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Ош шаарынын аймагында бүгүн, 18-май күнү катуу жааган жаандан улам сел кесепеттерин жөнгө салганга чейин жана жаз-жай мезгилиндеги туруксуз аба-ырайына байланыштуу Ош шаарынын аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык, кырдаалды жоюу үчүн тиешелүү аракеттер жумшалып, Ош шаарынын жарандык коргонуу кызматтардын, мекеме-уюмдардын, муниципалдык аймактык жана айылдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү тарабынан […]
Ошто байкерлердин жүрүшү өттү

Ош шаарындагы борбордук аянтта Орто Азия, анын ичинде Кыргызстандык мото сүйүүчүлөрдүн “Көчмөн жолу” ( Путь кочевника ) аталыштагы мотосезондун ачылышына карата жүрүш болду. Ага Өзбекстан жана Кыргызстандын мотоклубдарынын 80ге жакын байкерлери катышып, шаардын негизги көчөлөрүнөн жүрүш жасашты. Жыл сайын өтүп келген мото жүрүштүн максаты жол коопсуздугун камсыздоо жана аталган спорттун түрүн жайылтуу болуп саналат. Белгилей […]
Селдин кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам чаралар көрүлүүдө

Бүгүн, 18-майда Ош шаарында катуу жаан жаап, анын кесепетинен шаардын айрым аймактарында сел жүрдү. Буга байланыштуу Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев жарандык коргонуу кызматтары менен өткөргөн ыкчам кеңешмесинде берилген тапшырмага ылайык, учурда мэрдин орун басарлары, тиешелүү мекеме-ишканалардын, жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары келген селдин кесепеттерин жоюу, шаардагы ирригиациялык тармактарды тазалоо, иретке келтирүү боюнча […]
А.С. Пушкин атындагы мектептин аймагындагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Амир-Тимур көчөсүндөгү А.С.Пушкин атындагы мектептин аймагында жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды алып салуу, мектептин аймагына каратылган үйлөрдүн дарбазасын тосуу иштери жүрүп жатат. Айта кетсек, аталган аймак мурда Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу болгон, андан соң административдик-аймактык реформанын алкагында Ош шаарынын карамагына өткөн. Учурда мектептин 200 чарчы метрден ашык аянты мыйзамсыз курулуштардан […]
Ош шаарында Энелер күнү белгиленди

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында энелер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өтүп, ага шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн, көп балалуу баатыр жана ардагер энелер катышты. Мэрдин биринчи орун басары Марс Исаев айымдарды “Эне”, – деген ардактуу наамга жетип, анын ар бир түйшүгүн кубанычка айландырган […]
Ош шаарында ак элечек энелердин жүрүшү өттү

Бүгүн, 17-май күнү Энелердин күнүнө карата өлкөнүн жети дубанынан келген 200дөн ашуун энелердин жөө жүрүшү өтүп, анда улуттук баалуулуктарды сактоо чакырыгы айтылды. Ак элечек кийген аялдар жөө жүрүштү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынан баштап, борбордук аянттан өтүшүп, Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багына чейин барышты. Ал жерден Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан келген кол […]
Ош шаарынын беш окуучусу эл аралык жаштар арасындагы сүрөт сынагынын жеңүүчүсү болушту

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Кытай Эл Республикасынын Фошань шаарында өткөн жаштардын «Достугубузду жаркыраган келечекке тартабыз» эл аралык сүрөт сынагында байгелүү орундарга ээ болушкан Ош шаарындагы Гапар Айтиев атындагы атайын сүрөт мектебинин окуучулары сыйланды. Балдарды Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов куттуктап, алардын чыгармачыл өнөрүн өнүктүрүү үчүн эл аралык сынактарга катышуунун маанилүү экендигин белгилеп, Кыргызстан […]
5 мектепте япониялык адистер тарабынан математика боюнча жаңы билим берүү ыкмаларын киргизүү боюнча изилдөөлөр жүргүзүлөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (мындан ары JICA) өкүлү Мория Масахиро менен жолугушту. Жолугушууда тараптар Япония Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин колдоосу менен Ош шаарындагы мектептерде илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана долбоордун алкагында кызматташуу боюнча талкуулашты. Жолугушуунун соңунда жогоруда аталган долбоорду ишке ашырууга Ош шаарынын мэриясы тарабынан […]