Ош шаарындагы алыскы конуштарда көчмө клиника иштей баштады

“Аракет” долбоорунун алкагында Ош шаарынын мэриясы “Эдвокаси адам укуктары борбору” уюму менен биргеликте “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашкан жатаканалардын жана “Алымбек-Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу “Эдельвейс”, “Алай 1”, “Алай 2” конуштарынын жашоочулары үчүн “Ден соолук кербени” аталыштагы көчмө клиникаларды уюштурушту. Клиникада эки күн, 5-6-июнда Ош мамлекеттик университетинин медициналык адистери, Ош шаарынын үй-бүлөлүк медицина, Ош […]
Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасынын автобус жана троллейбус каттамдарына жаңы тарифтер киргизилет

Токтом боюнча толук маалымат тиркемеде тиркелет. №608 Токтому
Борбордук стадион жана “Дельфин” бассейни эл аралык талапка ылайык келтирилет

Ош шаарынын борбордук А. Сүйүнбаев атындагы стадионун олтургучтарынын үстүн жабуу иштери жүрүп жатат. Долбоорго ылайык жалпы 10 миңдей олтургучтун үстү жабылат. Бул олтургучтарды күн нурунан күйүп, жаан чачында сууда калып, талкалануусунун алдын алат. Муну менен катар футбол талаасы жана чуркоо тилкелери да эл аралык талаптарга ылайык келтирилет. Курулуш иштерин август айында бүткөрүү каралган. Аны менен […]
Ош шаарында өзгөчөлүгү бар балдар арасында жеңил атлетика боюнча эл аралык чемпионаты башталды

А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу, “Спорт баары үчүн!” ураан алдында өзгөчөлүгү бар балдар арасында жеңил атлетика боюнча эл аралык чемпионатына бүгүн старт берилди. Чемпионаттын ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Нуржигит Кадырбеков, Түркиянын TOSSFED атайын спортчулардын спорт федерациясынын президенти Бирол Айдын Мырза, «Сантерра-Юг» Даун синдрому […]
Ош шаарында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өтүп жатат

Бүгүн, 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ош шаарындагы майрамдык иш-чаралардын алкагында Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багында «Келечек» балдардын чыгармачылык борбору тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, балдар үчүн чыгармачылык мастер-класстар, сүрөт көргөзмөсү көрсөтүлдү. Ошондой эле, балдардын асфальтка сүрөт тартуу сынагы, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан кыска аралыкка чуркоо, аркан […]
Абитуриенттер үчүн кызыктуу маалымат!

Эртең, 2-июль күнү Ош шаарындагы №18 А.Навои атындагы мектеп-лицейинде Омск, Томск жана Новосибирск (РФ) шаарларынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу боюнча кабыл алуу комиссиясы иштейт. Комиссиянын иштөө убактысы саат 11:00дөн 17:00гө чейин. Абитуриенттер онлайн турдө Кыргызстандан Орусиянын төмөнкү жогорку окуу жайларына тапшырышса болот: • Омск мамлекеттик техникалык университети (ОмГТУ) • Омск мамлекеттик транспорт университети […]
Ош шаарынын мэриясынын коллегиясынын кезектеги жыйыны өттү

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында кезектеги коллегиялык жыйын өтүп, ага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардагы муниципалдык мекеме-ишканалардын, кызматтардын жетекчилери катышты. Жыйындын күн тартибинде: – “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы, иш кагаздардын электрондук документ жүгүртүү системасында (ЭДС) жүргүзүүнүн абалы жөнүндө; -Ош шаарындагы муниципалдык башкаруу органдарында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышынын абалы жөнүндө; […]
Ош шаарында 1-июндан “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирет

Ош шаарында тесттик режимде “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирип, атайын аппараттар жол эрежесин бузуу фактыларын автоматтык түрдө сүрөт, видеого тартып алат. Долбоордун алкагында Ош шаарындагы 20 кесилишке 150 программалык аппараттар, анын ичинде 5 мобилдик, 11 көчмө, калганы стационардык камералар орнотулат. Аталган долбоор эки этапта ишке ашырылып, биринчи этаптын алкагында 60, экинчи этаптын алкагында 90 программалык […]
Ош шаарындагы эки көчөдө капиталдык оңдоо иштери башталды

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов бүгүн, “Жибек-Жолу” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы №177 жана “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Чкалов көчөсүндө башталган жолдорду капиталдык оңдоп-түзөө иштери менен таанышып чыкты. Мэр тиешелүү кызматтарга жасалып жаткан бардык жумуштарды талапка ылайык сапаттуу жана мөөнөтүндө аткарылышын тапшырды. Белгилей кетсек, аталган көчөлөрдөгү оңдоп-түзөө иштери жергиликтүү тургундардын кайрылууларына ылайык жүргүзүлүп, жергиликтүү жашоочулар тарабынан көмөк […]
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николас Боулер менен жолугушту

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде инвестиция, туризм тармагын өнүктүрүү, эмгек мигранттарын колдоо, Ош шаарынын жаштарын англис тилин жана IT-технологияларын үйрөнүү боюнча билимин жогорулатуу маселелери талкууланды. Н.Боулер быйыл Ош шаарындагы кичи жана орто бизнести колдоо максатында инвестиция тартуу боюнча долбоорду жүзөгө ашырууга кызыктар экендигин билдирди. Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэриясы шаар тургундары үчүн пайдалуу болгон […]