ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар менен муниципалдык аймактык башкармалыктардын ортосундагы өз ара кызматташуу талкууланды

Бүгүн, “Аракет” долбоорунун алкагында Ош шаарынын мэриясында муниципалдык аймактык башкармалыктардын, мекеме-ишканалардын ортосундагы кызматташуу боюнча талкуу орун алып, бир катар сунуш, ой-пикирлер айтылды. Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча бул тараптардын ортосундагы байланышты чыңдоо боюнча бир катар сунуштар жана демилгелер иштелип чыгат. Белгилей кетсек, “Аракет” долбоорунун биринчи этабында эки муниципалдык аймактык башкармалыгында инфраструктураны жакшыртуу боюнча максаттуу иштер жүргүзүлүүдө.

Ош шаарында коомдук тамактануучу жайларда санитардык ченемдердин сакталышына көзөмөл күчөтүлдү

КР Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Ош шаарынын мэриясынын протоколдук тапшырмаларын аткаруу максатында Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн адистеринен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан Ош шаарынын калкынын арасында тамак-аштан уулануунун алдын алуу багытында, коомдук тамактануучу жайларда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин так сакталуусу боюнча жеринде көзөмөлдөө, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам бузуулар аныкталган менчик ээлерине тиешелүү протоколдук эскертүүлөр берилди. Көзөмөлдөө иштери күчөтүлгөн […]

Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик социалдык заказ программасынын конкурстун жеңүүчүсүнүн тизмеси

Ош шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 7-майындагы № 194-б “Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө программасынын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкурстун жеңүүчүсүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу боюнча конкурстун жеңүүчүсүнүн тизмеси тиркемеде Долбоордун жеңүүчүcү боюнча маалымат (2)

Улуу Жеңишке 79 жыл

Бүгүн, 9-май күнү борбордук аянтта Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Майрамдык иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жетектеген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, КРнын короо министринин орун басары- Түштүк-Батыш оперативдүү командачылыгынын колбашчысы полковник Алмазбек Карасартов, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, РФнын Ош шаарындагы башкы консулу, мекеме-ишканалардын […]

Ош шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун жана оруктун ардагерлери сыйланды

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымбай Жолдошовдон кабар алып, Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады. Ошондой эле мэр КР Президентинин атынан 100 миң сом жана Ош шаарынын мэриясынын акчалай сыйлык, белектерди тапшырды. Шаар башчысы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана оруктун эмгекчилерине ар дайым өзгөчө көңүл бурулуп, керектүү бардык жардамдар берилерин […]

Урматтуу театр сүйүүчүлөрү!

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры Ош шаарында. Гастролдук сапардын алкагында чыгармачыл топ Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 2024-жылдын 11-15-май күндөрү төмөнкү спектаклдерди тартуулайт. 11-май саат 18:30да Ж.Садыковдун калемине таандык “Төлгө”, 12-майы саат 18:30да Ч.Айтматов “Саманчынын жолу”, 13-май саат 18:30да Ж.Садыков “Эр Төштүк”, 14-май саат 18:30да А.Чехов “Кичинекей адамдын чоң трагедиясы”, […]

Ош шаарынын мэриясында жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу болуп өттү

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин биричи орун басары Марс Исаев, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды. Шаар тургундары материалдык жардам көрсөтүү, жер тилкелерин алуу, турак-жай менен камсыздоо, коммуналдык чарба иштерине байланыштуу маселелери менен кайрылышты. Ар бир айтылган маселеге тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилери тарабынан жооптор берилип, толук кандуу аткарууга […]

Ош шаарында Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жаңы мектеп ачылды

Бүгүн, Ош шаарындагы №20 И.Раззаков атындагы мектеп-гимназиясынын жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү. Мектептин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев катышышты. Белгилей кетсек, Раззаков мектеби менен катар жалпы өлкө боюнча курулушу аяктаган […]

Ош шаарында “Эскерүү оту” эл аралык акциясы өттү

Ош шаарындагы “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде Улуу Жеңиш күнүнө карата “Эскерүү оту” эл аралык акциясынын алкагында өчпөс отту жагуу иш-чарасы болуп өттү. Аны жагууга Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы башкы консулу Андрей Бибишев, Кыргыз Республикасындагы орус кызматташтыгынын Ош шаарындагы башчысы Дмитрий Авраам, […]

Ош: Чуркоо боюнча эл аралык марафон өттү

Бүгүн, борбордук аянтта Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдыгына карата “Жибек жолу марафону 2024” аталышында чуркоо боюнча эл аралык жарыш өткөрүлдү. Спорттук иш-чаранын ачылыш аземине Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Ош мамлекеттик университетин ректору Кудайберди Кожобеков катышып, жөө күлүктөргө ийгиликтерди каалашты. Марафондук жарышта ОшМУнун мугалимдери, студенттер, туристтер, Бишкек, Нарын, Жалал-Абад, Баткен шаарларынан, ошондой эле Кытай, Россия Федерациясы, […]

Юсупов Замир Байышович

Туулган күнү: 27-январь 1986-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2003-2008-жылдары. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) Университети. Эл аралык мамилелер факультети
Адистиги: Дүйнөлүк экономика.
2013-жыл. КР каржы министрлигинин окуу борбору. Бишкек.Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис.
2015-жыл. Кытай-Европа окуу борбору. КЭР. Ухань шаары. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн эл аралык семинар (Сертификат).
2015-жыл. КР экономика министрлиги, БУУнун программасы. Ош шаары.
Регионалдык деңгээлдеги туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планы (Сертификат).
2017-2019-жылдары. М. Адышов атындагы Ош Технологиялык Университети. Автомобилдик транспорт жана тейлөө технологиялары факультети.
Адистиги: Транспорттук процесстер технологиясы.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2009-2010-жылдары. «Би-Стар» ЖЧКсы, Mercedes–Benz компаниясынын расмий өкүлү. Бишкек шаары. Унаа тетиктер менен камсыз кылуу жана бажы иштери боюнча башкы адис.
2010-2012-жылдары. КР УИА химия жана химиялык технологиялар институту. Бишкек шаары.Башкы адис, экономист.
2012-2013-жылдары. Пахтаны кайра иштетүүчү заводу-«Ак-Алтын» АК, Ош облусу, Кара-Суу шаары. Директордун орун басары.
2013-2014-жылдары. КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы, Бишкек шаары. Мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы.
2015-2021-жылдары. Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы.
03.03.2021-06.09.2021 – Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.
10.2021 – 04.2023 – «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Ош шаарындагы транспорт кызматынын жетекчиси.
26.04.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Исаев Марс Асанович

Туулган күнү: 14-август 1981-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2020-2023-жылдар. М.Адышов атындагы Ош технологиялык университети.
Адистиги: өнөр жай жана жарандык курулуш.
2019-жылдан азыркыга чейин М Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети.
Адистиги: Аспирантура.
2003-2006-жылдар. Кыргыз-Орус Славян университети
Факультет: Юриспруденция
Адистиги: Кылмыш-жаза укугу.
1998-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Факультет: Финансы жана кредит
Адистиги: Банк иши (кызыл диплом)

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2006-2007-жылдары. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы. “ТӨБ” мамлекеттик ишканасы. Сатып алуулар боюнча адис.
2009-2010-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2009-2011-жылдары. «Нур Телеком» жоопкерчилиги чектелген коому, «О» мобилдик түйүнүнүн соода маркасы. Башкы директордун биринчи орун басары.
2011-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2012-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык көзөмөл жана финансы органдары менен иштөө боюнча аймактык башкармалыгы. Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы адиси.
2015-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын Ош облусу боюнча президенти.
2021-жылдан баштап – Кыргыз Республикасынын «Аргымак» ат спорту ассоциациясынын президенти.
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.

Азат Кубатбек уулу

Туулган күнү: 31-март,1991-жыл.
Туулган жери: Чүй обласы, Токмок шаары

БИЛИМИ:
2014-жыл – Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети. Адистиги: Юриспруденция.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
23.12.2015 – Токмок шаардык мэриясы, уюштуруу иштери жана документтик камсыздоо бөлүмү;
08.01.2016 – Токмок шаардык кеңеши;
19.03.2018 – Токмок шаардык мэриясы, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти;
02.08.2021 – Токмок шаардык кеңеши;
05.04.2022 – Saima Telecom, агенттик сатуу тобу;
07.12.2022 – Кыргыз Республикасынын Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Уюштуруу-укуктук иштер, экономика жана инвестиция тартуу бөлүмү;
30.01.2023 – Ош шаарынын мэриясы.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору.

Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич

Туулган күнү: 27-июль, 1984-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ: Жогорку
2006-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Эл аралык мамилелер;
2011-жылы – Ош мамлекеттик юридикалык институту. Адистиги: Юриспруденция;
2013-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр);
2020-2022-жылдары – Мэйдзи университети (Токио, Япония) Адистиги: Мамлекеттик башкаруу (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
09.15.2008 – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин түштүк аймактык башкармалыгы;
03.11.2010 – Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү;
08.12.2011 – Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы;
04.11.2016 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, КСДПнын депутаттык комиссиясынын катчылыгы;
13.06.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору.

Джунусбаев Сонунбек Калмаматович

Туулган күнү: 29-июль, 1985-жыл.
Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу районунун Каарман айылы.

БИЛИМИ:
2007-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: тарых мугалими;
2017-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Юриспруденция;
2021-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
02.01.2008 – Ош шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети.
25.02.2008 – ОшМУ, «Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы» кафедрасы;
01/08/2009 – Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмү;
02.01.2011 – Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети;
20.02.2019 – Ош шаарынын мэриясынын №2 “Сулайман-Тоо” МАБы;
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович

Туулган күнү: 30-май, 1966-жыл
Туулган жери: Чүй району, Сайлык айылы
1984-1986 -жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

БИЛИМИ:
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун «машыктыруучу-мугалим» адистиги боюнча аяктаган;
2013-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтун юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2010-2015 – Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты;
2015 – 2021 – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты;
28.11.2022-жылдан баштап Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.