ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын 50 жылдык мааракеси белгиленди

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын 50 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, маданият ишмерлери, театрдын негиздөөчүлөрү, белгилүү актёрлор, республиканын бардык аймактарынан жана Анжиян театрынан келген театр өкүлдөрү, театр искусствосунун сүйүүчүлөрү катышты.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө белгилүү актёрлор кызыл килемден басып өтүшүп, сахнага чыгып, көрүүчүлөргө спектакль үзүндүлөрүнөн тартуулашты. Театрдын эмгек сиңирген артисттери ыраазычылык баракчалары жана Ардак грамота менен сыйланышты.

Ошондой эле, театрдын жамаатына Ош шаарынын мэриясынын атынан 150 миң сомдук акчалай сыйлык тапшырылды. Иш-чарада мындан сырткары аншлаг менен өткөн спектаклдердин жана белгилүү актёрлордун сүрөттөрүнөн турган фото-көргөзмө уюштурулду.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 146 адам эмгектенет, анын ичинен 42 чыгармачыл кызматкер, 15тен ашыгы кесиптик сыйлыктарга жана ар кандай наамдарга ээ.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео