ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жаңы мектеп ачылды

Бүгүн, Ош шаарындагы №20 И.Раззаков атындагы мектеп-гимназиясынын жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү.

Мектептин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев катышышты.

Белгилей кетсек, Раззаков мектеби менен катар жалпы өлкө боюнча курулушу аяктаган 9 мектептин, 2 бала бакчанын онлайн ачылышы болду.

Аянты 709 чарчы метрди түзгөн жаңы мектеп үч кабаттан туруп, 720 окуучуга ылайыкташкан. Имарат республикалык бюджеттин эсебинен заманбап талаптарга ылайык курулган. Мында окуучулар үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлүп, акыркы үлгүдөгү лабораториялык, стоматологиялык бөлмөлөр, спорттун ар кандай түрлөрүнө ыңгайлашкан аянтчалар каралган.

Эске салсак, билим берүү мекемесинин пайдубалы 2013-жылы түптөлүп, бирок каражаттын тартыштыгынан курулуш иштери токтоп калган. Керектүү каражат 2022-жылы бөлүнгөндөн кийин жумуштар кайрадан жанданган.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео