ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Улуу Жеңишке 79 жыл

Бүгүн, 9-май күнү борбордук аянтта Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.

Майрамдык иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жетектеген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, КРнын короо министринин орун басары- Түштүк-Батыш оперативдүү командачылыгынын колбашчысы полковник Алмазбек Карасартов, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, РФнын Ош шаарындагы башкы консулу, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Улуу Ата Мекендик согуштун, ооруктун ардагерлери, күч түзөмдөрүнүн кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

Алгач Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилип, “Өчпөс от” мемориалдык комплексине гүл чамбарлар коюулду.

Андан соң борбордук аянтта Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган, чыгармачыл топтордун, эстрада ырчыларынын, көркөм чыгармачылык жааматтарынын катышуусунда театралдык, маданий концерттик программа тартууланды.

Шаар башчысы Бакытбек Жетигенов Улуу Жеңишти алып келген ардагерлердин согушта көрсөткөн эрдиги кайраттуулуктун жана каармандыктын бийик үлгүсү экенин белгилеп, Ош шаарынын мэриясынын атынан куттуктап сөз сүйлөдү.

Иш-чаранын алкагында Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында ардагерлер үчүн «Аскердик талаа ашканасы» уюштурулуп, сый-тамак тартууланды.

Белгилей кетсек, Улуу Ата Мекендик согушка Ош шаарынан 14 621 адам чакырылган. Анын ичинен 3118 жоокер курман болуп, 401 жоокер дайынсыз жоголгон. Бүгүнкү күндө Ош шаарында согуштан аман кайткан Улуу Ата Мекендик согуштун 1, ооруктун 5 ардагери жашайт.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео