3000 окуучу борбордук аянтта “Манас” айтты

Бүгүн, борбордук аянтта мектеп окуучулары арасында “Урааным Манас” аталышындагы “Манас” айттуу боюнча республикалык кароо-сынагы өттү. “Манас” эпосун даңазалоо максатында уюштурулган сынакка жалпы 3 миң окуучу катышып, кыргыз жана англис тилдеринде “Манас” айтышты. Иш-чаранын алкагында Ош шаарынын орун басары Нурбек Кадыров, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын жетекчисинин орун басары Нурбек Талантбеков катышуучуларга ийгилик каалашып, мындай иш-чаранын Ош […]
Майыптыгы бар адамдардын арасында спорттук мелдештер өттү

Ош шаарында майыптыгы бар адамдардын арасында шахмат, шашки, футбол, аркан тартыш боюнча мелдештер өтүп, ага Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын азиздер жана дүлөйлөр коомунун өкүлдөрү катышты. Мелдештин жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, медалдар жана баалуу белектер менен сыйланышты. Белгилей кетсек, аталган мелдештер жыл сайын уюштурулуп, ден […]
Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Сиздерди көптөн күткөн “Бош иш орундар жана кесиптер жарманкесине” чакырабыз! Жарманкеге шаардагы 40тан ашуун компаниялар катышат. 500дөн ашуун ар тармактагы бош жумуш орундары менен таанышууга мүмкүнчүлүк аласыз. 📆 30-апрель 9:00 – 13:00. Дареги: С. Ибраимов атындагы улуттук драма театры.
Ош шаарынын мэриясынын Коллегиялык жыйыны өттү

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Коллегиялык жыйын өтүп, күн тартибинде 2023-2024-жылдардагы күзгү-кышкы жылытуу мезгилин өткөрүүнүн жыйынтыгы, 2024-2025-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүү, Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышынын жана Ош шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга түзүлгөн шарттардын абалы тууралуу маселелер каралып, аткарылган иштер боюнча баяндамалар жасалды. Мэр тиешелүү жетекчилердин […]
Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленди

23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү. Ага ылайык, бүгүн Ош гуманитардык-педагогигалык университетинде «Китеп ааламга жанган өчпөс чырак» аттуу иш-чара болуп өттү. Маданий иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров катышып, билим, илим, руханий байлыктарды китеп аркылуу гана өнүктүрүүгө мүмкүн экенин билдирди. Иш-чаранын алкагында дүйнөлүк классиктердин чыгармалары окулуп, китептердин көргөзмөсү өттү. Ошондой эле […]
Ош шаарында Улуттук тазалык күнүнө карата ишембиликтин алкагында 1328 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

“Улуттук тазалык күнүнүн” алкагында Ош шаарында болуп өткөн ишембиликке жалпысынан 60 миңден ашуун адам катышып, 1328 тонна таштанды чыгарылып, таштанды полигонуна тиешелүү мекеме-ишканалардын атайын техникалары тарабынан ташылып чыгарылды. Ошондой эле, ишембилик учурунда “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы жана Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын аймагындагы мекеме-ишканалар жана жеке жактар тарабынан жүз миңден […]
Улуттук тазалык күнүнө карата Ош шаарында жалпы ишембилик өттү

Ишембиликтин алкагында алгач Алымбек-Датка этнографиялык борборунда «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы тарабынан уюштурулган “Тазалык сенден башталат” аттуу флешмоб өттү. Андан соң чогулган шаар тургундары, студент жаштар, спортчулар Ош-Баткен, Ош-Бишкек, Ош-Араван эл аралык жол жээктерин жана шаар аймагындагы бөлүнүп берилген жерлерди тазалашты. Ал эми “Шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан Ленин көчөсүнө клён, […]
СЫНАК!

Ош шаарынын мэриясы, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорунун алкагында “Дельфин” жаш өспүрүмдөрдүн дене тарбия клубунда “Жабылган бассейни менен заманбап фитнес борборун куруу” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча СЫНАК жарыялайт жана бардык кызыкдар тараптарды кызматташууга чакырат. Сынакка катышуу жана шарттары менен таанышуу үчүн төмөнкү шилтеме боюнча таанышсаңыздар болот: https://ppp.gov.kg/tpost/rfmm1akb41-priglashenie-k-uchastiyu-v-konkurse-po-p Квалификацияны тандоого арыздар коштоочу документтери менен төмөнкү дарек боюнча […]
Курулушу токтоп калган 275 орундуу мектеп быйыл пайдаланууга берилет

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Алымбек Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын «Ирригатор» участкасында курулушу 2015-жылы башталып, токтоп калган 275 орундуу мектептин курулуш иштери менен таанышты. Дээрлик 10 жылга жакын убакыттан бери бүтпөй турган мектептин курулушу кайра жанданды. Учурда бөлмөлөрдө шыбак иштери жасалууда. Мектептин аймагында спорттук зал, откана жана эки суу кампасы болуп, керектүү бардык шарттары каралган. […]
Ош шаарындагы билим берүү мекемелери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов бир катар билим берүү мекемелерине барып, жеринде жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты. Алсак, мэр №49 «Таң шооласы», №29 «Дарман», №62 «Каныкей», №60 «Арча Бешик» балдар бакчаларында жана «Келечек» балдардын чыгармачылык борборунда болуп, аталган имараттарда жүрүп жаткан ремонттоо иштерин көрүп, бардык жумуштарды тийиштүү деңгээлде сапаттуу жана […]