ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

“Кызыл-Кыштак” айылдык аймактык башкармалыгында тез жардам филиалдары ачылат

АТРдин алкагында кошулган муниципалдык мекемелердин баары Ош шаарынын мэриясы тарабынан көзөмөлгө алынды. Ош шаарынынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров административдик-аймактык реформанын алкагында шаар аймагына кирген Нариман айыл өкмөтүнүн Шарк айлында, Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айыл өкмөтөрүндө жайгашкан медициналык мекемелеринин ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып чыкты. Таанышуу учурунда Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгында тез жардам борборунун 2 филиалын (подстанция), Кызыл-Кыштак […]

Улуттук тазалык күнү өтөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев жазгы үч айлык боюнча штабдын жыйынын өткөрдү. Жыйынга мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышып, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында 20-апрель Ош шаарында жалпы ишембиликти өткөрүү боюнча сүйлөшүлдү. Соңунда жооптуу кызматкерлерге жалпы ишембиликти жогорку уюшкандыкта өткөрүү боюнча тийиштүү талаптар коюлду. Белгилей кетсек, […]

Ишкерлер менен жолугушуу өттү

Бүгүн, 18-апрель “Ош Нуру” мейманканасында Кыргыз Республикасынын соода-өнөр жай палатасынын президенти Т. А. Сариев ишкерлер менен жолугушту. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Юсупов Замир Байышович, жергиликтүү жана аймактык ишкерлер катышты. Жолугушууда негизги маселе катары ишкердүүлүктү алдыга жүргүзүү жана жаңы долбоор баштагандарга колдоо боюнча сунуштар айтылып, ишкерлерге Ардак грамоталар тапшырылды.

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү

Бүгүн, Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган “Кыргы Республикасынын Ош облусунун финансы-экономикалык системасынын өнүгүү тенденциялары жана факторлору” темасында илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Арстанкулов Талантбек Курбаналиевич, Ош шаарынын мэринин орун басары Юсупов Замир Байышович, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Калдыбаев Эрнст Кыдыкбаевич, финансы […]

Ош технологиялык университетинде санариптештирүү боюнча аймактык жаштар форуму болуп өттү

Форумга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору, доцент У.Ж. Мамытов, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов, Ош шаарынын мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Жаныш Жусупбеков, санариптик уюмдарынын өкүлдөрү катышышты. Форумдун жүрүшүндө “Түндүк” тиркемесинин артыкчылыктары тууралуу маалыматтар берилип, санариптик технологиялар боюнча көргөзмө уюштурулду. Форумдун максаты — […]

Ош шаарында каттуу таштандыларды иштетүү системасы жакшырат

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) каржылык колдоосу менен ош шаарында жаңы санитардык полигон курулуп, эски таштанды полигону рекультивацияланат. Долбоорду ишке ашыруу иштеринин жүрүшү менен Кыргыз Республикасынын каржы министринин орун басары Руслан Татиков таанышты. Ошондой эле Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев долбоордун алкагында «Ош-Тазалык» ишканасынын техникалык жана материалдык базасынын чыңдоо боюнча аткарылган иштер […]

“Достук” чек ара бекетинин айланасы иретке келтирилет

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Кызыл-Кыштак” айылдык аймактык башкармалыгындагы “Достук” чек ара бекетинин айланасын иретке келтирүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Шаар башчысы жеринде абалды көрүп чыккан соң, тиешелүү кызматтарга “Достук” бекети аркылуу өткөн жүк ташуучу унаалардын кыймылын иретке келтирүү, коомдук транспорттор үчүн унаа токтотуучу жайларды уюштуруу, айланасын тазалоо, соода түйүндөрүнүн сырткы көрүнүшүн бирдей абалга […]

Ошто каратэ-до боюнча эл аралык “Osh Cup” турнири өтүүдө

Ош шаарынын кубогу үчүн өтүп жаткан турнирге 6-18 жаш курактагы 400гө жакын спортчу, анын ичинде Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келген командалар катышууда. Жеңүүчүлөр республикалык жана эл аралык турнирлерде ат салышуу мүмкүнчүлүгүн алып, медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланат.

Ош шаарынын мэриясы административдик кызмат орундарынын төмөнкү топторунун кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыялайт

Ош шаарынын мэриясы административдик кызмат орундарынын төмөнкү топторунун кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыялайт: 1. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу. Кесиптик билиминин деңгээли: – жогорку же болбосо орто кесиптик билим (экономика жана башкаруу, юридикалык, архитектура жана курулуш, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, техникалык, автоматташтыруу жана башкаруу, айыл чарба багыты боюнча); – иш стажына талаптар коюлбайт. […]

Юсупов Замир Байышович

Туулган күнү: 27-январь 1986-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2003-2008-жылдары. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) Университети. Эл аралык мамилелер факультети
Адистиги: Дүйнөлүк экономика.
2013-жыл. КР каржы министрлигинин окуу борбору. Бишкек.Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис.
2015-жыл. Кытай-Европа окуу борбору. КЭР. Ухань шаары. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн эл аралык семинар (Сертификат).
2015-жыл. КР экономика министрлиги, БУУнун программасы. Ош шаары.
Регионалдык деңгээлдеги туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планы (Сертификат).
2017-2019-жылдары. М. Адышов атындагы Ош Технологиялык Университети. Автомобилдик транспорт жана тейлөө технологиялары факультети.
Адистиги: Транспорттук процесстер технологиясы.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2009-2010-жылдары. «Би-Стар» ЖЧКсы, Mercedes–Benz компаниясынын расмий өкүлү. Бишкек шаары. Унаа тетиктер менен камсыз кылуу жана бажы иштери боюнча башкы адис.
2010-2012-жылдары. КР УИА химия жана химиялык технологиялар институту. Бишкек шаары.Башкы адис, экономист.
2012-2013-жылдары. Пахтаны кайра иштетүүчү заводу-«Ак-Алтын» АК, Ош облусу, Кара-Суу шаары. Директордун орун басары.
2013-2014-жылдары. КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы, Бишкек шаары. Мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы.
2015-2021-жылдары. Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы.
03.03.2021-06.09.2021 – Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.
10.2021 – 04.2023 – «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Ош шаарындагы транспорт кызматынын жетекчиси.
26.04.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Исаев Марс Асанович

Туулган күнү: 14-август 1981-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2020-2023-жылдар. М.Адышов атындагы Ош технологиялык университети.
Адистиги: өнөр жай жана жарандык курулуш.
2019-жылдан азыркыга чейин М Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети.
Адистиги: Аспирантура.
2003-2006-жылдар. Кыргыз-Орус Славян университети
Факультет: Юриспруденция
Адистиги: Кылмыш-жаза укугу.
1998-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Факультет: Финансы жана кредит
Адистиги: Банк иши (кызыл диплом)

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2006-2007-жылдары. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы. “ТӨБ” мамлекеттик ишканасы. Сатып алуулар боюнча адис.
2009-2010-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2009-2011-жылдары. «Нур Телеком» жоопкерчилиги чектелген коому, «О» мобилдик түйүнүнүн соода маркасы. Башкы директордун биринчи орун басары.
2011-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2012-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык көзөмөл жана финансы органдары менен иштөө боюнча аймактык башкармалыгы. Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы адиси.
2015-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын Ош облусу боюнча президенти.
2021-жылдан баштап – Кыргыз Республикасынын «Аргымак» ат спорту ассоциациясынын президенти.
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.

Азат Кубатбек уулу

Туулган күнү: 31-март,1991-жыл.
Туулган жери: Чүй обласы, Токмок шаары

БИЛИМИ:
2014-жыл – Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети. Адистиги: Юриспруденция.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
23.12.2015 – Токмок шаардык мэриясы, уюштуруу иштери жана документтик камсыздоо бөлүмү;
08.01.2016 – Токмок шаардык кеңеши;
19.03.2018 – Токмок шаардык мэриясы, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти;
02.08.2021 – Токмок шаардык кеңеши;
05.04.2022 – Saima Telecom, агенттик сатуу тобу;
07.12.2022 – Кыргыз Республикасынын Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Уюштуруу-укуктук иштер, экономика жана инвестиция тартуу бөлүмү;
30.01.2023 – Ош шаарынын мэриясы.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору.

Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич

Туулган күнү: 27-июль, 1984-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ: Жогорку
2006-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Эл аралык мамилелер;
2011-жылы – Ош мамлекеттик юридикалык институту. Адистиги: Юриспруденция;
2013-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр);
2020-2022-жылдары – Мэйдзи университети (Токио, Япония) Адистиги: Мамлекеттик башкаруу (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
09.15.2008 – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин түштүк аймактык башкармалыгы;
03.11.2010 – Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү;
08.12.2011 – Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы;
04.11.2016 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, КСДПнын депутаттык комиссиясынын катчылыгы;
13.06.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору.

Джунусбаев Сонунбек Калмаматович

Туулган күнү: 29-июль, 1985-жыл.
Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу районунун Каарман айылы.

БИЛИМИ:
2007-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: тарых мугалими;
2017-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Юриспруденция;
2021-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
02.01.2008 – Ош шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети.
25.02.2008 – ОшМУ, «Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы» кафедрасы;
01/08/2009 – Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмү;
02.01.2011 – Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети;
20.02.2019 – Ош шаарынын мэриясынын №2 “Сулайман-Тоо” МАБы;
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович

Туулган күнү: 30-май, 1966-жыл
Туулган жери: Чүй району, Сайлык айылы
1984-1986 -жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

БИЛИМИ:
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун «машыктыруучу-мугалим» адистиги боюнча аяктаган;
2013-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтун юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2010-2015 – Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты;
2015 – 2021 – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты;
28.11.2022-жылдан баштап Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.