ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Улуттук тазалык күнүнө карата Ош шаарында жалпы ишембилик өттү

Ишембиликтин алкагында алгач Алымбек-Датка этнографиялык борборунда «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы тарабынан уюштурулган “Тазалык сенден башталат” аттуу флешмоб өттү.

Андан соң чогулган шаар тургундары, студент жаштар, спортчулар Ош-Баткен, Ош-Бишкек, Ош-Араван эл аралык жол жээктерин жана шаар аймагындагы бөлүнүп берилген жерлерди тазалашты.

Ал эми “Шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан Ленин көчөсүнө клён, эмен, павловния дарактарынын көчөттөрү отургузулду.

Ишембиликке менчигинин түрүнө карабастан, шаардагы бардык мекеме-уюмдардын, ишканалардын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын жамаатары жана шаар тургундары активдүү катышышты.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео