ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

“Достук” чек ара бекетинин айланасы иретке келтирилет

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Кызыл-Кыштак” айылдык аймактык башкармалыгындагы “Достук” чек ара бекетинин айланасын иретке келтирүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Шаар башчысы жеринде абалды көрүп чыккан соң, тиешелүү кызматтарга “Достук” бекети аркылуу өткөн жүк ташуучу унаалардын кыймылын иретке келтирүү, коомдук транспорттор үчүн унаа токтотуучу жайларды уюштуруу, айланасын тазалоо, соода түйүндөрүнүн сырткы көрүнүшүн бирдей абалга келтирүү боюнча тапшырмаларды берди.

Бул жумуштарды бир жумалык мөөнөттө бүткөрүү милдеттендирилди.

Белгилей кетсек, “Кызыл-Кыштак” айылдык аймактык башкармалыгы административдик-аймактык реформанын алкагында Ош шаарынын карамагына өткөн.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео