Үч эм төрөгөн энеге акчалай көмөк көрсөтүлдү

Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров эки кыз жана бир уулду жарык дүйнөгө алып келген үч эмдин энеси Айсана Султановадан кабар алды. Нурбек Кадыров эне-бала саламаттыгын сураган соң, Ош шаарынын мэринин атынан куттуктап, 50 миң сом тапшырды. Белгилей кетсек, А.Султанованын үй-бүлөсүндө эми 5 уул, 2 кыз бар. Жаңы төрөлгөн ымыркайларга, Мүрөк, Мөлтүр, Айдар деген […]
21-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында “Нооруз-2024” майрамы салтанаттуу белгиленет

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору! 21-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында “Нооруз-2024” майрамы салтанаттуу белгиленет. Саат 09:00дөн тарта “Ноорузду даңазалоо” оюн-зоок программасынын алкагында маданият башкармалыгынын, белгилүү ырчылардын, артисттердин катышуусунда театралдашкан концерт тартууланат. Аянттын оң тарабында 7 кыргыз боз үйлөрү тигилип, “Кыргыз шырдак” көргөзмө-жарманкеси, Айыл чарба техникумунун аянтынан баштап, №2-балдар музыкалык мектебине чейин кол өнөрчүлөрдүн, […]
Мэр Бакытбек Жетигенов “Жибек жолу” муниципалдык аймагына барды

Бүгүн Ош шаарынын мэри муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте “Жибек жолу” (мурдагы Амир-Тимур) муниципалдык аймактык башкармалыгын кыдырып, анын алкагында жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту. Мында Жумабаев, Шолохов, Шарипов, С.Айни, Ю.Гагарин көчөлөрүндөгү ички жолдорду оңдоп-түзөө, тротуарларды куруу, суу, газ менен камсыздоо жана суу насосун оңдоо боюнча негизги маселелерге көңүл бурулду. Жыйынтыгында айтылган бардык маселелер боюнча тиешелүү кызматтарга […]
СЫНАК!

Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасы Ош шаарындагы коомдук транспортко электрондук билеттерди уюштуруу боюнча сынак жарыялайт. Сынакка катышуу үчүн арыздар 30-мартка чейин кабыл алынат. Сынакка байланыштуу сунуштар, суроолор боюнча osh.ogmap.piu@gmail.com электрондук дарегине же (+996) 777-355-919 телефон номуруна кайрылсаңыздар болот. Сынактын шарттары, талаптар менен төмөнкү шилтемеден таанышууга болот: Требования к оператору (1)
“Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы мыйзамсыз курулуштар буздурулат

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы жашоочулар менен болгон жолугушууда берген убадага ылайык, аймактагы негизги маселелер менен таанышып, абалды жеринен көрүп чыкты. Мэр калаадагы А.Навои, Алай, Ж.Раимбеков (мурдагы Зайнабетдинов), Мотор, И. Раззаков, У.Салиева, Ж. Касымбеков көчөлөрүндө болуп, жергиликтүү тургундардын жашылдандыруу, мыйзамсыз курулуштарды, уруксаты жок соода-сатык түйүндөрдү алып салуу, ички жолдорду асфальттоо, […]
“Биз баарыбыз бирдейбиз” аттуу кайрымдуулук өнөктүгү өттү

Ош шаарында “Биз баарыбыз бирдейбиз” аттуу Даун синдрому, майыптыгы бар балдарга арналган кайрымдуулук өнөктүгү өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жанар Акаев, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, майыптыгы бар балдар жана ата-энелер катышты. Мэрдин орун басары Нурбек Кадыров Ош шаарынын мэринин атынан […]
Ош шаарында жалпы ишембилик өттү

Оштун символу мажүрүм тал Ак-Буура жээгине отургузулду

Бүгүн, Ак-Буура дарыясынын жээгине Ош шаарынын символу болгон мажүрүм тал көчөттөрү отургузулду. Жалпысынан дарыянын боюна 300гө жакын мажүрүм тал көчөттөрүн эгүү болжолдонгон. Ошондой эле Ош шаарынын мэриясы «Бир жарандан – бир дарак» аттуу жалпы шаардык акциясын баштады. Калаа тургундарын сүйүктүү шаарыбызды көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга активдүү катышууга чакырабыз. Белгилей кетсек, 2024-жылы шаар аймагына 300 миңге жакын […]
Ош шаарында жалпы ишембилик өтөт

Ош шаарында эртең, 16-мартта менчигинин түрүнө карабастан шаардык, муниципалдык мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары, шаар тургундарынын катышуусунда жалпы ишембилик өтөт. Баарыңыздарды активдүү катышууга чакырабыз.
Мамлекеттик тил мыйзамынын сакталышы боюнча рейдтик иш-чаралар уланууда

Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан көчөлөрдө илинген жарнамалык маалыматтарда мамлекеттик тил мыйзамынын сакталышы жана аткарылышы боюнча рейддик иш-чаралар уланууда