ЖАРЫЯ!

Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы тажрыйбалуу, «D» категориясындагы 60 жашка чейинки айдоочуларды жумушка кабыл алат. Байланыш үчүн номерлер: +996 500 040 664; +996 553 407 046; +996 224 088 585.
Коммуналдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын турак жай жана коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү белгиленип, ага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, муниципалдык кызматтардын жетекчилери, кызматкерлери, профсоюздардын өкүлдөрү катышты. Бакытбек Жетигенов шаардын көркүнө көрк кошуп иштеп келе жаткан коммуналдык кызматкерлер шаардын күзгүсү, өнүгүүнүн башаты экенин белгилеп, күжүрмөн эмгеги жана аракети менен […]
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов «Керме-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочуларынын көйгөйлөрүн укту

Бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен болгон жолугушууда берген убадасына ылайык жашоочулар менен бирге көйгөйлүү маселелерин жеринен көрүп, таанышып чыкты. Иш-чаранын жүрүшүндө мэр Бакытбек Жетигенов тиешелүү мекеме-ишкана жетекчилери менен бирге Урицкая, Краснофлотская, МЖК-1-2, Ш.Руставелли, Гастелло, Р.Абдыкадыров көчөлөрүн, Анар, Төлөйкөн, Кулатов, Черемушки кичи райондорун кыдырып чыгышты. Аны менен катар Ноокат […]
Ош шаарында жарнамалык маалыматтарда мамлекеттик тил мыйзамынын сакталышы боюнча рейд жүрдү

Бүгүн, Ош шаарынын көчөлөрүндө “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын сакталышы жана аткарылышы боюнча рейд жүргүзүлдү. Текшерүү алгач Ош шаарынын Масалиев көчөсүнөн башталып, Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөлөрү, муниципалдык менчик башкармалыгынын, “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Мамлекеттик тил Мыйзамынын талабына жооп бербеген, эскилиги жеткен көрнөк-жарнамалардын […]
Ош шаарындагы ооруга чалдыккан бак-дарактарды алуу жана анын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу боюнча коомдук угуу өттү

Коомдук угууда, алгач Курманжан датка көчөсүндөгү оорууга чалдыккан бак-дарактардын учурдагы абалы, шаардын микроклиматын жакшыртууга багытталган демилге тууралуу маалыматтар берилип, катышуучулардын коомдук угууга чыгарылган демилге боюнча ой-пикирлери, сунуштары угулуп, адистерге бир катар суроолор берилди. Угууга Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, ОшМУнун доценти, геоэкология боюнча адис Абдижапар Аккулов, шаардык кеңештин депутаттары, «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» […]
“Мамлекеттик акселераторлор” программасынын алкагында аткарылуучу жумуштар талкууланды

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча Мамлекеттик акселерация программасынын алкагында Ош шаарында иш алып барып жаткан жумушчу топ менен жыйын өткөрдү. Жыйында балдарды бала бакчага камтууну жогорулатуу үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленип, Ош шаарынын аймагында үй тибиндеги жеке менчик […]
Мэр Бакытбек Жетигенов элдик жыйында көтөрүлгөн маселелер менен жеринде таанышты

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов элдик жыйында түшкөн арыз, кайрылууларга ылайык, «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын Водозаборная, И.Закиров, Мамыров, Д.Садырбаев, Т.Атабаев, №49, Амир-Тимур көчөлөрүндө жашаган эл менен жолугушуп, айтылган көйгөй, маселелерди жеринен көрүп чыкты. Калаа башчысы айтылган маселелерди карап чыгып, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине аймактагы маселелерди чечүү боюнча өз сунуштарын киргизүү, айрым маселелерди талдап чыгуу, талапка […]
Кулактандыруу!

2024-жылдын 14-марттында саат 10:00дө Ош шаарындагы “Алымбек Датка” этнографиялык эс алуу борборунда Ош шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу жана шаардын жашыл аянтын кеңейтүү максатында, Курманжан-Датка көчөсүндөгү эскилиги жеткен көп жылдык дарактарды алуу жана ордуна заманбап жаңы жаш көчөттөрдү отургузуу боюнча коомдук угуу өткөрүлөт. Аталган коомдук угууга, Ош шаарынын жалпы тургундары жана коноктору келип катыша алат. Андыктан, […]
Ош шаарында “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталыштагы форум өттү

Бүгүн, “Бабур” атындагы драма театрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган “2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча” иш-аракеттердин Улуттук планын жүзөөгө ашыруу максатында “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталыштагы форум болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Ош шаарынын мэри […]
Ош шаарындагы Р. Абдыкадыров көчөсүнүн бир бөлүгүнө асфальт басылат

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык, быйылкы жылы Р. Абдыкадыров көчөсү Өскөналиев көчөсүнөн (болжол Кадамжай дүкөнү) баштап Б.Осмонов көчөсүнүн кесилишине чейинки бөлүгүндө асфальттоо иштери жүргүзүлөт. Жолдун жалпы узундугу болжол менен 800 метр.