Мээркан айылында 225 орундуу мектеп курулууда

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгынын Мээркан айылындагы Ч.Түлөбердиев атындагы №34 мектептин жаңы окуу корпусунун курулушунун жүрүшү менен таанышып чыкты. Шаар башчысы куруучуларга бардык жумуштарды өз мөөнөтүндө, сапаттуу бүткөрүлүшү керектигин белгилеп, бир катар тийиштүү тапшырмаларды берди. Долбоорго ылайык, мектеп 225 орундуу болуп, спорт зал, ашкана, откана жана суу сактоочу кампа каралган.
Мэр Бакытбек Жетигенов Жапалак айылындагы көйгөйлөрдү жеринен көрдү

Бүгүн, 25-март күнү Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочуларынын арыздарынын негизинде аталган маселелерди жеринен көрүп чыкты. Шаар башчысы тиешелүү кызматтардын жана мекемелердин жетекчилерине аймактагы инфраструктуралык маанидеги маселелерди чечүү, кээ бирин келерки жылга карата иш-планга киргизүү боюнча тапшырмаларды берди.
А. Макаренко мектебиндеги мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан А.Макаренко атындагы мектеп-гимназиясынын аймагын баштапкы калыбына келтирүү иштери башталды. Бүгүн, мектептин аймагындагы чарбалык жана коммерциялык багыттагы эки мыйзамсыз курулуш алып салынууда.
Ошто 24-мартка караган түнү жылуулук берүү токтотулат

Ош шаарында 23-марттан 24-мартка караган түнү жылуулук берүү токтотулуп, кышкы жылытуу мезгили аяктайт. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кол койду. Жылуулук менен камсыз кылуучу мекемелерге кийинки жылуулук берүү мезгилине карата даярдык көрүү тапшырмасы берилди.
Ош шаарына жаңы 100 даана автобус келди

Нооруз майрамынын алкагында жаңы келген автобустар расмий тапшырылды. Келген автобустарды жана жол техникаларынын айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Азиз Аалиев, “СамАвто” заводунун өкүлдөрү шаар тургундары менен биргеликте көрүп чыгышты. Белгилей кетсек, жаңы автобустар Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунан лизинг аркылуу алынган. Автобуста жалпы 25 […]
Ош шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди

Бүгүн, Ош шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына карата салтанаттуу маданий майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, шаар тургундары жана коноктору катышты. Майрамдык салтанатта Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жалпы Ош шаарынын тургундарын жана конокторун Нооруз майрамы менен куттуктады. Мында Ош шаарында жасалып жаткан алгылыктуу иштерге токтолуп, алдыда […]
Ош шаарынын мэри Б.Ж. Жетигеновдун Нооруз майрамына карата куттуктоо сөзү

Урматтуу ордолуу Ош шаарынын эли жана кадырлуу коноктору! Сиздерди кут толгон Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Жаркыраган жаз менен кирип келген Нооруз – жаңы күн, жаңы башаттардын башталышы. Аруулуктун, тазалыктын жана жаңылануунун майрамы. Ушул күнү баарыбыз жакшылыкка үмүт артып, үйүбүзгө кут-береке, ырыс толсун, элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун деп ниет кылабыз. Нооруз – […]
“Курманжан датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын көйгөйлөрү жеринен көрүлдү

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаар четинде жайгашкан Озгур айылындагы «Солнечный-Родник» дача конушунда болуп, Төрөбек Абакир уулу, Тутовая, Исанов, Касымов, А.Масалиев көчөлөрүнүн жашоочуларынын балдар аянтчаларын уюштуруу, ички жолдорго асфальт төшөө, социалдык объектилердин жанындагы башаламан унаа токтотуучу жайды алып салуу, суу, газ менен камсыздоо боюнча маселелерин укту. Мэр мындан сырткары 222, 223-кварталдардын тургундары менен дагы […]
Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XXIV биргелешкен сессиясы болуп өттү

Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XXIV биргелешкен сессиясы болуп өтүп, ага Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, Ош шаардык Кеңешинин, Ош облусунун Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айылдык Кеңештеринин, Нариман айыл аймагынын Жаңы-Маала, Жим, Жийделик, Шарк айыл аймагынын Имам-Ата участокторунун депутаттары, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Сессиянын күн тартибинде Ош шаарынын мэринин 2023-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын […]
Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Эскерте кетсек, эртең Ош шаарында “Нооруз-2024” майрамы салтанаттуу белгиленет. Буга байланыштуу бүгүн 20-март күнү саат 14:00дөн баштап Ленин көчөсүнүн Аматов көчөсү менен кесилишкен жеринен баштап, Баялинов көчөсүнө чейинки аралык унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. (№2 троллейбустук каттамы дагы убактылуу токтойт) Курманжан-Датка көчөсүнүн түштүк тарабынан келүүчү автоунаалардын кыймылы Баялинов көчөсү аркылуу жүрө турганын маалымдайбыз. 22-март күнү […]