ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

“Биз баарыбыз бирдейбиз” аттуу кайрымдуулук өнөктүгү өттү

Ош шаарында “Биз баарыбыз бирдейбиз” аттуу Даун синдрому, майыптыгы бар балдарга арналган кайрымдуулук өнөктүгү өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жанар Акаев, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, майыптыгы бар балдар жана ата-энелер катышты.
Мэрдин орун басары Нурбек Кадыров Ош шаарынын мэринин атынан ыйык Орозо айында ушундай иш-чара уюштурулуп жатканына ыраазычылык билдирип, Ош шаарынын мэриясы ар дайым майыптыгы бар балдарды коргоого, аларга ар тараптан жардам көрсөтүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин белгилеп, балдардын руханий өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзүү үчүн көмөк көрсөткөн ар бир адамга жакшылыктарды, ийгиликтерди каалады.
Иш-чаранын алкагында майыптыгы бар балдар үчүн оюн-зоок, концерт уюштурулуп, белектер берилди. Ошондой эле кайрымдуулук акциянын уюштуруучусу «Алтын Алакан» ден соолукту чыңдоо борборунун жетекчиси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео