ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарындагы № 177 көчө толук оңдоодон өтөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Амир-Тимур” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочуларынын кайрылуусуна ылайык, аймакта жайгашкан №177 көчөнү капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Долбоор боюнча аталган көчөгө 2 катмар асфальт төшөлүп, тротуар салынып, ирригациялык тармактар тартылып, жарыктандыруу орнотулат. Жолдун жалпы узундугу 2,33 чакырым, туурасы 9 метрди түзөт.

Ош көчөсүн кеңейтүү боюнча даярдык иштери башталды

Ош көчөсүнүн Ж. Раимбеков көчөсүнөн Ж. Бабараимов көчөсүнө чейинки бөлүгүн кеңейтүү жана оңдоп-түзөө боюнча даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жолду кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышып, жашоочулар менен жолугушуп, тиешелүү мекеме-ишканалардын, кызматтардын өкүлдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди. Жергиликтүү жашоочулар арасында түшүндүрүү иштери да жүрдү. Мында Ош шаарынын мэриясынын жумушчу тобу тарабынан […]

Ош шаарында токтоп турган 625 орундуу мектептин курулушу быйыл бүткөрүлөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Амир-Тимур” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы жаңы мектептин курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып чыкты. Калаа башчысы жүргүзүлүп жаткан жумуштар өз мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүү жагын тапшыруу менен бирге тиешелүү кызмат, мекеме жетекчилерине куруучуларга ар тараптуу жардам көрсөтүү боюнча тапшырмаларды берди. Белгилей кетсек, курулуштун жалпы аянты 4 291 чарчы метрди түзөт. Долбоорго […]

Аймактар аралык жүргүнчүлөрдү ташуу Ош автобекетинен гана жүргүзүлөт

Бүгүн 1-марттан тарта Ош шаарынан аймактар аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу бардык каттамдар шаардык автобекеттен гана каттай баштайт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов автобекеттеги айдоочулар менен болгон жолугушууда билдирди. Аталган чечим жарандардын кайрылууларына ылайык жана жол тыгындарынын, кырсыктардын алдын алуу максатында кабыл алынган. Анткени шаардан башка райондорго жүргүнчүлөрдү ташуучу таксилер жолдун ар кайсы жерине чогулушуп, […]

Кыргыз тилиндеги мультфильмдер коомдук транспортто коюла баштайт

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында транспорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик тилдин аткарылышы боюнча жыйын өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттигинин, Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынын, билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты. Жыйында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик […]

Ош шаарында жазгы үч айлык башталды

Бүгүн, Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлык боюнча штабдын жыйыны өттү. Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты. Жыйында “Жылда Ошто жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлык жарыяланып келет. Андыктан алдыда жасалуучу жумуштарга баарыбыз активдүү катышып, тазалоо жана жашылдандыруу багытына […]

СЫНАК!

Ош шаарынын мэриясы, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорунун алкагында шаардагы 8, 1-март көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан №15 М.Курбанов атындагы орто мектебинин отканасын оңдоп-түзөөгө (модернизациялоого) СЫНАК жарыялайт жана бардык кызыкдар тараптарды кызматташууга чакырат. Сынакка катышуу үчүн квалификацияларды берүү өтүнүчү менен төмөнкү шилтеме боюнча таанышууга болот: https://drive.google.com/…/1QmFGnU4xQH5pVa5hh… Квалификацияны тандоого арыздар коштоочу документтери менен төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Ош […]

“Агро Экспо 2024” көргөзмө-жарманкеси өтүп жатат

Бүгүн, С. Ибраимов атындагы улуттук драма театрында “Айыл чарбасы климаттын өзгөрүүсүнүн шартында” аталышында “Агро Экспо 2024” көргөзмө-жарманкесинин ачылышы болуп, ага Түркия, Орусия, Чехия, АКШ жана Кыргызстандын бардык аймактарынан 40ка жакын дыйкан-фермерлер, айыл чарба ишканалары жана өндүрүшчүлөрү катышууда. Иш-чаранын алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн ар кайсы тармактарда айыл чарбасын жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча маалыматтык сессиялар жана […]

Элдик жыйын жыйынтыкталды

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушуп, жергиликтүү калктын суроолоруна жооп берди. Жолугушууда аймактык башкармалыктын башчысы 2023-жыл ичинде аткарылган ар тараптуу иштер боюнча кенен маалымат берип, жетишкендиктер тууралуу айтып берди. Андан соң жергиликтүү жашоочулар тарабынан аймактагы газ, суу, жол жана башка орчундуу маселелер көтөрүлүп, сунуштар айтылды. Бакытбек Жетигенов эл […]

Көп жыл каралбай турган эки көчө толук оңдолот

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов калаадагы Мамыров жана Амир-Тимур (Калинин) көчөлөрүн капиталдык оңдоп-түзөө боюнча көчмө техникалык кеңешме өткөрдү. Калаа башчысы жолдордун учурдагы абалы менен жеринде таанышып чыгып, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине баштапкы иштерди жасоо үчүн зарыл болгон жумуштарды бүткөрүүнү тапшырды. Аталган эки көчөгө жаңыдан асфальт төшөө, ирригациялык тармактарды оңдоо, тротуарларды куруу, жарыктандыруу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу […]

Юсупов Замир Байышович

Туулган күнү: 27-январь 1986-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2003-2008-жылдары. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) Университети. Эл аралык мамилелер факультети
Адистиги: Дүйнөлүк экономика.
2013-жыл. КР каржы министрлигинин окуу борбору. Бишкек.Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис.
2015-жыл. Кытай-Европа окуу борбору. КЭР. Ухань шаары. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн эл аралык семинар (Сертификат).
2015-жыл. КР экономика министрлиги, БУУнун программасы. Ош шаары.
Регионалдык деңгээлдеги туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планы (Сертификат).
2017-2019-жылдары. М. Адышов атындагы Ош Технологиялык Университети. Автомобилдик транспорт жана тейлөө технологиялары факультети.
Адистиги: Транспорттук процесстер технологиясы.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2009-2010-жылдары. «Би-Стар» ЖЧКсы, Mercedes–Benz компаниясынын расмий өкүлү. Бишкек шаары. Унаа тетиктер менен камсыз кылуу жана бажы иштери боюнча башкы адис.
2010-2012-жылдары. КР УИА химия жана химиялык технологиялар институту. Бишкек шаары.Башкы адис, экономист.
2012-2013-жылдары. Пахтаны кайра иштетүүчү заводу-«Ак-Алтын» АК, Ош облусу, Кара-Суу шаары. Директордун орун басары.
2013-2014-жылдары. КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы, Бишкек шаары. Мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы.
2015-2021-жылдары. Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы.
03.03.2021-06.09.2021 – Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.
10.2021 – 04.2023 – «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Ош шаарындагы транспорт кызматынын жетекчиси.
26.04.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Исаев Марс Асанович

Туулган күнү: 14-август 1981-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2020-2023-жылдар. М.Адышов атындагы Ош технологиялык университети.
Адистиги: өнөр жай жана жарандык курулуш.
2019-жылдан азыркыга чейин М Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети.
Адистиги: Аспирантура.
2003-2006-жылдар. Кыргыз-Орус Славян университети
Факультет: Юриспруденция
Адистиги: Кылмыш-жаза укугу.
1998-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Факультет: Финансы жана кредит
Адистиги: Банк иши (кызыл диплом)

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2006-2007-жылдары. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы. “ТӨБ” мамлекеттик ишканасы. Сатып алуулар боюнча адис.
2009-2010-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2009-2011-жылдары. «Нур Телеком» жоопкерчилиги чектелген коому, «О» мобилдик түйүнүнүн соода маркасы. Башкы директордун биринчи орун басары.
2011-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2012-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык көзөмөл жана финансы органдары менен иштөө боюнча аймактык башкармалыгы. Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы адиси.
2015-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын Ош облусу боюнча президенти.
2021-жылдан баштап – Кыргыз Республикасынын «Аргымак» ат спорту ассоциациясынын президенти.
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.

Азат Кубатбек уулу

Туулган күнү: 31-март,1991-жыл.
Туулган жери: Чүй обласы, Токмок шаары

БИЛИМИ:
2014-жыл – Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети. Адистиги: Юриспруденция.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
23.12.2015 – Токмок шаардык мэриясы, уюштуруу иштери жана документтик камсыздоо бөлүмү;
08.01.2016 – Токмок шаардык кеңеши;
19.03.2018 – Токмок шаардык мэриясы, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти;
02.08.2021 – Токмок шаардык кеңеши;
05.04.2022 – Saima Telecom, агенттик сатуу тобу;
07.12.2022 – Кыргыз Республикасынын Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Уюштуруу-укуктук иштер, экономика жана инвестиция тартуу бөлүмү;
30.01.2023 – Ош шаарынын мэриясы.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору.

Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич

Туулган күнү: 27-июль, 1984-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ: Жогорку
2006-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Эл аралык мамилелер;
2011-жылы – Ош мамлекеттик юридикалык институту. Адистиги: Юриспруденция;
2013-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр);
2020-2022-жылдары – Мэйдзи университети (Токио, Япония) Адистиги: Мамлекеттик башкаруу (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
09.15.2008 – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин түштүк аймактык башкармалыгы;
03.11.2010 – Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү;
08.12.2011 – Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы;
04.11.2016 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, КСДПнын депутаттык комиссиясынын катчылыгы;
13.06.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору.

Джунусбаев Сонунбек Калмаматович

Туулган күнү: 29-июль, 1985-жыл.
Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу районунун Каарман айылы.

БИЛИМИ:
2007-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: тарых мугалими;
2017-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Юриспруденция;
2021-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
02.01.2008 – Ош шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети.
25.02.2008 – ОшМУ, «Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы» кафедрасы;
01/08/2009 – Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмү;
02.01.2011 – Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети;
20.02.2019 – Ош шаарынын мэриясынын №2 “Сулайман-Тоо” МАБы;
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович

Туулган күнү: 30-май, 1966-жыл
Туулган жери: Чүй району, Сайлык айылы
1984-1986 -жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

БИЛИМИ:
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун «машыктыруучу-мугалим» адистиги боюнча аяктаган;
2013-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтун юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2010-2015 – Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты;
2015 – 2021 – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты;
28.11.2022-жылдан баштап Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.