Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушуп, жергиликтүү калктын суроолоруна жооп берди.
Жолугушууда аймактык башкармалыктын башчысы 2023-жыл ичинде аткарылган ар тараптуу иштер боюнча кенен маалымат берип, жетишкендиктер тууралуу айтып берди.
Андан соң жергиликтүү жашоочулар тарабынан аймактагы газ, суу, жол жана башка орчундуу маселелер көтөрүлүп, сунуштар айтылды.
Бакытбек Жетигенов эл көтөргөн ар бир маселеге сөзсүз көңүл буруларын, айрым көйгөйлөр менен жеринде таанышып, жеке көзөмөлүнө аларын билдирди. Ошондой эле берилген протоколдук тапшырмалар боюнча тиешелүү тармактар маселелерди чечүү боюнча иш алып баруусу керектигин баса белгиледи.