ОшМУнун медициналык клиникасында боор, бөйрөккө операциялар жасалат

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош Мамлекеттик университетинин ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында Түркиянын Малатия шаарынан иш сапары менен келген İnönü (Инөнү) университетинин өкүлдөрүн кабыл алды. Жолугушууда профессор Ахмет Кызылай – İnönü (Инөнү) университети ОшМУ менен түзүлгөн меморандумдун алкагында баш сөөк, боор, бөйрөк органдарын алмаштыруу боюнча окуу жайдын медициналык клиникасынын дарыгерлерин тажрыйбасын жогорулатуу боюнча окутуулар […]
8-март-Аялдардын эл аралык күнү салтанаттуу белгиленди

Бүгүн, 7-мартта Ош шаарынын мэриясы тарабынан С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Кушубак Шайиев, баатыр энелер, эмгектин жана согуштун ардагерлери, ар кайсы тармакта эмгектенип жаткан айымдар жана коомдук ишмерлер катышты. Бакытбек Жетигенов Аялзат – үй-бүлөнүн, […]
Ош шаарынын мэри Б.Ж. Жетигеновдун 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоо сөзү

Ардактуу айымдар, асылзат апалар, ажарлуу эже-карындаштар! Сиздерди жаздын, жаңылануунун жарчысы болгон 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм! Табият аялдарга сулуулукту, жан дүйнөнүн назиктигин, акылмандыкты жана чыдамкайлыкты тартуулаган. Демек, жаз менен шайкеш келген бул майрамды баарыбыз кубануу менен белгилейбиз. Анткени, адамзаттын урпагын улап, жашоонун туткасын кармаган аялзаты улутту улут, элди эл кылган […]
Аялдардын эл аралык күнүнө карата кыз-келиндер арасында волейбол жана стол тенниси боюнча мелдештердин жеңүүчүлөрү аныкталды

Ош шаарында 6-7-март күндөрү Аялдардын эл аралык күнүнө карата, калк арасында спортту жайылтуу максатында өткөрүлгөн кыз-келиндер командалары арасында волейбол жана стол тенниси боюнча мелдештер жыйынтыкталып, бүгүн жеңүүчүлөр аныкталды. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров катышып, кыз-келиндердин спортко кызыгып, мелдештерге катышкандыгы маанилүү экенин белгилеп, бардык катышуучуларга ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалады. Ошондой […]
Ош шаарында быйыл 300 миңге жакын бак-дарактардын көчөттөрү отургузулат

Бүгүн, Ош шаарында шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштеринин алкагында шаардык автобекет тарабындагы Курманжан-Датка көчөсүнө 60 түп каштан жана туя көчөттөрү отургузулду. Көчөт отургузууга Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев катышып, быйылкы жылы шаарга 300 миңге жакын бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу пландалып жатканын билдирди. Ош шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан 2024-жылы шаарга 300 түп […]
Ош шаарында Султан Раевдин “Күн кармаган бала” спектакли коюлду

З.Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театрында Ысык-Көл облустук Касымалы Жантөшев атындагы драма театрынын артисттери тарабынан Султан Раевдин “Күн кармаган бала” спектакли тартууланды. Маданий иш-чаранын алкагында Ош шаарынын мэринин кеңешчиси Салтанат Аманова Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун атынан театрдын чыгармачыл жамаатын спектаклдин мыкты коюлгандыгы менен куттуктап, театр искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн өнөр ээлерине Ош шаарынын […]
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун 5-март Ак калпак жана улуттук кийимдер күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Сиздерди бүгүнкү 5-март Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен кызуу куттуктаймын! Ак калпак-Кыргыз элинин улуу мурасы, дөөлөтү жана кемибес дүйнөсү десек жаңылышпайбыз! “Асманда жарык көрсөң- жылдыз деп бил, ак калпак кийгендерди – Кыргыз деп бил”, – дегендей ак калпак эзелтеден элибизди дүйнө элине таанытып келе жатат. Ак калпак ата-бабаларыбыздан азыркы […]
А. Сүйүмбаев атындагы стадиондун айланасын баштапкы абалына келтирүү иши башталды

Ош шаарындагы А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондун айланасы 2001-жылы берилген токтомго ылайык 5,5 гектар деп көрсөтүлгөн. 1996-жылы соц обьектилердин аймагынын жер аянттарын жеке менчике бербөө боюнча токтому чыкканына карабай, 1 гектардан ашуун жер тилкеси ар кандай жолдор менен жеке колдорго берилип кеткен. Алар стадиондун айланасына коммерциялык багыттагы курулуштарды салып иштетип келишкен. Бүгүн курулуш ээлери менен […]
Ош шаарында Мамлекеттик Туу күнү белгиленди

«Манас» театрынын төкмө акындары айтыш-концертин тартуулашты

Бүгүн, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында «Манас» театрынын өнөрпоздорунун “Андай эмес…” аталышындагы айтыш-концерти өттү. Концертте акындардын айтышы, комуз күүлөрү, залкарлардын термелери жаңырып, обондуу ырлары аткарылып, көрүүчүлөрдүн жарпын жазды. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров катышып, комуз менен төкмөлүк өнөр кыргыздын байыркы мурасы экендигин белгилеп, акындарга ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, салттуу музыкалык […]