ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлери сыйланды

Бүгүн 28-октябрда, Ош шаарында Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө арналган бир катар тармактык кызматкерлерди сыйлоо иш-чарасы өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев, Транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлү Алимбек Маматов, ошондой эле тармактын жетекчилери жана кызматкерлери катышышты.
Салтанатта шаар башчысы Жанарбек Акаев транспорт жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, шаардагы жол инфраструктурасын өнүктүрүүдө, жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын жакшыртууда жана калкка сапаттуу тейлөө көрсөтүүдө алардын эмгеги чоң мааниге ээ экенин билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө өз тармагында үзүрлүү эмгектенип, Ош шаарынын өнүгүшүнө жана тургундарды сапаттуу тейлөөгө салым кошкон бир катар кызматкерлерге Ош шаарынын мэриясынын жана Ош шаардык Кеңешинин сыйлыктары тапшырылып, концерттик программа тартууланды.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Өлкөнүн келечеги ар бирибиздин тандообуздан башталат

863382828_2445377935989033_8117378537476577719_n

Ош шаарынын мэриясы муниципалдык объектилерди убактылуу ижарага берүү боюнча конкурс жарыялайт

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоонун этаптары

867226188_1463837745935118_2651488207085282909_n

Ош менен Франциянын ортосунда жаңы көпүрө: эки тараптуу кызматташтык кеңейүүдө

375.970

Ош: Мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштери уланууда

867616126_1463665229285703_6133499748336258456_n

Баткен окуясында курман болгондор эскерилди

Видео