ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Бүгүн рекультивацияланган 2 көрүстөнгө көчөттөр отургузулду

🔹 Бүгүнкү ишембиликте Ош шаарындагы Ак-Гөр жана Мажүрүм-Тал көрүстөндөрүнө көчөттөр эгилип, эски жайды экологиялык жактан калыбына келтирүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.
🔹 А. Шакиров көчөсүндө жайгашкан Ак-Гөр көрүстөнүн көрктөндүрүү иштерине жогорку окуу жайлар да тартылып, Ош мамлекеттик университетинин жардамында 4 түрдүү көчөттөр отургузулду.
🔹 Ал эми Мажүрүм-Тал көрүстөнүнө 250дөн ашуун эмен дарагы эгилип, көчөттөр Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан камсыз кылынды.
🔹 Көрктөндүрүү иштерине мэрдин орун басары Эрнис Толтоев, жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана студенттери, коммуналдык чарба кызматкерлери, жергиликтүү жашоочулар катышты.
🔹 Белгиленген планга ылайык Ош шаары боюнча рекультивациядан өткөн 8 көрүстөндүн ордун жашылдандыруу иштери каралган. Учурда 4 эски көрүстөн көрктөндүрүлдү. Жакынкы күндөрү дагы 4 жайга көчөттөр эгилет.
🔹 Мындай иш-чаралар өлкө башчысы тарабынан жарыяланган “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында жана шаардын экологиялык абалын жакшыртуу, жашыл зоналарды көбөйтүү, Ошту көрктүү, жашыл шаарга айлантуу максатында ишке ашырылууда.
default

default

default

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео