Бүгүн, 8-июлда Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында “Бий искусствосу-2024” II Эл аралык бий фестивалынын ачылышы болду.
Фестивалдын ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров жана чет өлкөлөрдөн келген расмий коноктор катышып, жалпы бий өнөр ээлерин салтанаттуу куттукташты.
Иш-чаранын алкагында бийчилердин жөө жүрүшү болуп, республиканын бардык аймактарынан жана чет өлкөдөн келген кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси өттү.
Белгилей кетсек, бий фестивалына Түркия, Өзбекстан, Каракалпакстан, Казакстан жана Кыргызстандын таланттары катышууда. Иш-чара 12-июлга чейин уланат.