ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Билимдеги жеңиш: Ош шаарында ЖРТнын мыктылары сыйланды

Бүгүн Ош шаарындагы «Meery Garden» эс алуу багында жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен окуучуларды сыйлоо аземи өттү.
Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышып, билим сынагында мыкты жыйынтык көрсөткөн бүтүрүүчүлөрдү жеңиши менен куттуктады. Шаар башчысы жаштарга ийгилик каалап, алардын жетишкендиктери талыкпаган эмгектин, тынымсыз изденүүнүн жана максатка умтулуунун жемиши экенин билдирди.
Шаар башчысы 210 баллдан жогорку упай топтогон окуучуларга Ош шаарынын мэриясынын атынан акчалай сыйлыктар менен белекке ноутбуктарды тапшырды.
Белгилей кетсек, 2025-2026-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Ош шаарынан ЖРТда 1 “Алтын сертификат” ээси аныкталып, дагы 1 бүтүрүүчү эң жогорку упайга ээ болгон. Бул жетишкендиктер – Ош шаарынын жаштарынын билимге болгон умтулуусунун жана алдыга койгон бийик максаттарынын жаркын көрсөткүчү.

Окшош жаңылыктар

1222a966-13c4-4f8c-ab19-fb22783b0ef3

Мэр: Үйү бузулган бир дагы жаран үйсүз калбайт

858987859_1460009356317957_5309757377006198829_n

Жашыл шаар: Ошто энергетика, суу жана транспорт тармактарын өнүктүрүү боюнча сунуштар иштелип чыкты

855221090_1837839254225947_7617923139357598050_n

Кулактандыруу!

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

Видео