ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Борбордук стадион жана “Дельфин” бассейни эл аралык талапка ылайык келтирилет

Ош шаарынын борбордук А. Сүйүнбаев атындагы стадионун олтургучтарынын үстүн жабуу иштери жүрүп жатат. Долбоорго ылайык жалпы 10 миңдей олтургучтун үстү жабылат. Бул олтургучтарды күн нурунан күйүп, жаан чачында сууда калып, талкалануусунун алдын алат. Муну менен катар футбол талаасы жана чуркоо тилкелери да эл аралык талаптарга ылайык келтирилет. Курулуш иштерин август айында бүткөрүү каралган.

Аны менен катар “Дельфин” жаш өспүрүмдөр дене-тарбия клубунун базасында, жабылган бассейни менен заманбап фитнес борбору мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде кайрадан толук курулат. Долбоорго ылайык сууда сүзүү, триатлон, бодибилдинг жана башка түрлөрү боюнча шаар жана эл аралык мелдештерди өткөрүүгө шарттар түзүлөт. Бул аракеттер шаар калкынын саламаттыгын жакшыртууга жана сууда сүзүүгө болгон кызыгуусун арттырууга багытталган. Буга чейин “Дельфин” бассейни 3 ай гана жайкы мезгил учурунда иштеп келсе, курулуш аяктаган соң жыл ичинде толук иштөөсүнө шарт жаралат.

Эске сала кетсек аталган бассейн Кыргызстандагы 50 метр олимпиадалык талапка жооп берген имараттардын бири. Долбоордун алкагында аткарылуучу иштер менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеринен таанышып чыкты.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео