ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарындагы борбордук көчө иреттелип, жаңы көрүнүшкө ээ болот

Ош шаарынын так ортосунда жайгашкан Курманжан датка көчөсү жаңыланып, айланасы иретке келтирилет. Аны менен бирге көрктөндүрүү жана архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча иш-аракеттер башталат.

Бүгүн бул багыттагы иштерди уюштуруу максатында Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жаңы курулуп жаткан Ош мамлекеттик университетинин клиникасынын аймагында университеттин ректору Кудайберди Кожобеков жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен көчмө жыйын өткөрдү.

Жыйында клиниканын айланасындагы эскирген жана башаламан жайгашкан объектилерди алып салуу, ошондой эле Курманжан датка көчөсүнүн жалпы көрүнүшүн жакшыртуу маселелери талкууланып, тиешелүү кызматтарга бул жаатта иштерди алып баруу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Алдыда аталган көчөдө тазалыкты камсыз кылуу, жашылдандыруу жана заманбап шаардык чөйрөнү түзүүгө багытталган иштер жүргүзүлөт.

https://www.facebook.com/share/v/1BakKVHX5i/?mibextid=wwXIfr


Окшош жаңылыктар

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

Видео