✅ Төлөйкөн айылында 225 орундуу мектептин кошумча корпусунун курулушуна мезгил кутусу салынды

Төлөйкөн айылында 225 орундуу мектептин кошумча корпусунун курулушуна мезгил кутусу салынды Бүгүн, Ош шаарынын Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгына караштуу №37 Г. Айтиев атындагы орто мектебине 225 орундуу кошумча окуу корпусунун курулушуна расмий түрдө мезгил кутусу салынды. Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Кудайбердиев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, тиешелүү […]
Ош шаарынын мэриясы административдик кызмат орундары боюнча кадрлар резервине ачык сынак жарыялайт.

Административдик кызмат орундарынын улук тобу. Кесиптик билиминин деңгээли: – жогорку билим; – жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы. Кесиптик компетенттүүлүгү: Төмөнкүлөрдү билүү: -жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык […]
✅ Таңкы рейд: Масалиев көчөсүндөгү Жекелик каналдын эки жээги скверге айландырылат

Ош шаары, 2-февраль, саат 08:00 Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Курманжан-Датка аймактык башкармалыгына караштуу А. Масалиев көчөсүндө кезектеги таңкы рейд өткөрдү. Рейддин жүрүшүндө шаар мэри Масалиев көчөсүнүн Нурматов көчөсү менен кесилишинен тартып Шамшиев көчөсүнө чейинки аралыкта жайгашкан Жекелик каналынын эки жээгин көрктөндүрүп, сквер куруу боюнча долбоор иштеп чыгууну тиешелүү […]
✅ Рейддин жүрүшүндө берилген тапшырмалар аткарылып, мыйзамсыз курулуштар аныкталууда

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан Шакиров көчөсүндө мыйзамсыз курулуштарды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Рейддин алкагында аталган көчөдө жайгашкан ресторандар жана коммерциялык объектилер тарабынан жол тарапка мыйзамсыз чыгып кеткен бөлүктөрү такталып, тиешелүү өлчөө иштери жүргүзүлдү. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча объект ээлерине эскертүүлөр берилди. Аталган иш-чаралар шаардын архитектуралык […]
✅ Мэр Ош шаардык №2 үй-бүлөлүк медицина борборунун абалы менен таанышты

Таңкы рейддин алкагында шаар мэри Жеңишбек Токторбаев Манас-Ата аймактык башкармалыгында жайгашкан Ош шаардык №2 үй-бүлөлүк медицина борборунун, №2 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (поликлиника) имаратынын абалы менен таанышты. Аталган медицина борбору (поликлиника) көп кабаттуу турак үйдүн биринчи кабатында жайгашканы жана ушул убакка чейин капиталдык оңдоодон өтпөгөнү маалым болду. Шаар мэри имаратты толук капиталдык оңдоодон өткөрүү зарылдыгын баса […]
✅ Таңкы рейд: Шакиров көчөсүндө экс вице-мэрге таандык имарат бузулат

Ош шаары, 29-январь, саат 08:00 Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Курманжан-Датка аймактык башкармалыгына караштуу А.Шакиров көчөсүндө кезектеги таңкы рейд өткөрдү. Рейддин жүрүшүндө аталган көчөдө жайгашкан бир катар коммерциялык багыттагы объекттер муниципалдык жер тилкесине мыйзамсыз курулгандыгы аныкталды. Алардын ичинде экс-вице-мэр Ж.Азимовго таандык имарат бар экени белгилүү болду. Мэр мыйзам […]
✅ Мэр “Жетиген” мектебинде түзүлгөн шарттар менен таанышты

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддин алкагында тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте “Жетиген” жалпы билим берүү мекемесинде болуп, мекемеде түзүлгөн шарттар менен таанышты. Рейддин жүрүшүндө шаар мэри мектептин ашканасында окуучулар үчүн даярдалган тамак-аштын сапатсыз даярдалгандыгына байланыштуу нааразычылыгын билдирип, жооптуу тараптарга тиешелүү чараларды көрүү керектигин айтты. Мындан тышкары, шаар мэри аталган билим берүү мекемесинин аймагындагы […]
✅ Таңкы рейд: Ош көчөсү Манас айланма жолуна чейин кеңейтилет

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Манас-Ата аймактык башкармалыгына караштуу Ош көчөсүндө кезектеги таңкы рейд өткөрдү. Рейддин жүрүшүндө аталган көчө Раимбеков көчөсүнөн Касымбеков көчөсүнө чейин төрт тилкелүү жол катары кеңейтилери белгиленди. Ошондой эле бул көчө Ош эл аралык аэропортуна алып чыгуучу кошумча альтернативдүү жолдордун бири болору айтылды. Ушуга байланыштуу, кызыл сызыкка […]
✅ Ош шаарындагы эмерек жана килем базары Жаңы Ош базарына көчүрүлдү

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жаңы ачылган Жаңы Ош базарына көчүрүлгөн эмерек жана килем саткан соодагерлер менен жолугуп, соода жайын кыдырып көрдү. Мэр соодагерлерге жаңы базарда ийгиликтерди каалап, ак батасын берди. Белгилей кетсек, бүгүнтөн тарта соодагерлер жаңы соода жайларына жайгаша башташты. Көчүрүү иштерине Ош шаарынын мэриясы көмөк көрсөтүүдө. Соодагерлер үчүн бардык шарттар түзүлүп, соода жайлары […]
✅ Мэр айлык акыны эки эсе көтөрүү боюнча убадасын аткарды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев аэропортко кеткен жолдун эки тарабына көчөт отургузуу иш-чарасына катышты. Аталган аймакка 300 даана чынар көчөтү отургузулууда. Иш-чаранын жүрүшүндө шаар мэри көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен жолугушуп, быйылкы жылдан тартып кызматкерлердин айлык акылары эки эсе жогорулатылганын билдирди. Белгилей кетсек, мэр буга чейин аталган ишкананын жаңы имаратынын ачылыш […]