А.Навои көчөсү менен кесилишкен ички көчөлөр мыйзамсыз курулуштардан бошотулуп, кеңейтилет

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтар менен биргеликте таңкы рейддик кыдырууну улантты. Шаар башчысы бул жолу Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгындагы Шамшат, Х. Мирзакантов, Бостон жана Ф. Мирзажанов көчөлөрүн көрүп чыкты. Мэр аталган көчөлөрдө унаа жолго чейин чыгып кеткен жана каналдын суу корук аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды алып салуу боюнча жеринде тапшырмаларды берди.
Ош шаарында Өзбекстандын белгилүү ырчы жана аткаруучуларынын концерти болуп өттү

Эки боордош элдин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо максатында Кыргыз Республикасындагы Өзбек улуттук маданий борбору Өзбекстан Республикасынын «Ватандошлар» коомдук кайрымдуулук фонду менен биргеликте жана жергиликтүү бийликтин колдоосу менен маданий иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чарада Өзбекстан Республикасынын маданий ишмерлери тарабынан музыка ышкыбоздоруна жагымдуу маанай тартууланды. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, шаардык кеңештин депутаттары, Өзбекстан Республикасынын […]
Кең-Сай жаңы кошунун келечеги каралды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы муниципалдык мекеме-ишканалардын, укук коргоо органдарынын жетекчилери менен Алымбек-Датка аймактык башкармалыгына караштуу Кең-Сай жаңы конушунда кезектеги көчмө аппараттык жыйынын өткөрдү. Ага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, Ош шаарынын прокурору Бакытбек Сыдыгалиев, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Дамирбек Исаков катышты. Алгач тиешелүү кызматтар Кең-Сайдан жеке тараптарга берилген жер аянттары […]
Менчиктештирилип кеткен “Весна” кинотеатры

“Токтогул” эс алуу багындагы “Весна” жайкы кинотеатры Ош облусунун мамлекеттик мүлк фондусунун 1999-жылдагы алуу-сатуу келишиминин негизинде РИА «Азия Табак» жоопкерчилиги чектелген коомуна 180 000 сомго сатылып, анын негизинде 1999-жылы менчик укугу жөнүндөгү күбөлүгү берилген. Андан кийин “Бакай-Банк” ААКнун Ош филиалына, бир катар жеке тараптарга сатып алуу келишиминин негизинде жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик […]
Унаа тыгынын азайтуу максатында Р.Абдыкадыров көчөсү Амир-Тимур көчөсүнө (Калинин) чейин узартылат

Бүгүн, 3-апрель күнү, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге Р.Абдыкадыров көчөсүн Курманжан-Датка көчөсүнөн Амир-Тимур көчөсүнө (Калинин) чейин узартуу долбоору менен таанышып, жеринде тийиштүү жумуштарды баштоо боюнча тапшырмаларды берди. Айта кетсек, аталган иштер Ош шаарынын башкы планына жана деталдык пландоо долбооруна ылайык жүргүзүлүүдө.
Озгур айылында көчөлөрдү иретке келтирүү иштери улантылат

Бүгүн, 1-апрель күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Озгур айылындагы рейддик кыдыруусун улантып, аймактагы жолдордун жана сел каналдарынын абалын көрүп чыкты. Мэр бул айылда курулушу токтоп калган мектеп жана балдар бакчасын куруу иштери кайрадан жандана тургандыгын белгилеп, айылдын жолдорун иретке келтирүүгө жергиликтүү тургундарды көмөктөшүүгө чакырды. Шаар башчысы ошондой эле тиешелүү кызматтарга сел жүргөн аймактарда алдын […]
Ош шаарында Орозо айт намазы окулду

Бүгүн, Ош шаарындагы 68 мечитте Орозо айт намаздары окулду. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев борбордук “Сулайман-Тоо” мечитинде айт намазга катышып, шаар тургундарын жана конокторун айт майрамы менен куттуктады. Шаар башчысы ар бир үйдө тынчтык, токчулук, береке, ынтымак жана аманчылык орун алып, бардыгына бекем ден соолук, руханий кубаныч менен жакшы иштерде ийгиликтерди каалады.
Ош шаарынын мэри Ж.Ш. Токторбаевдин Орозо айт майрамындагы куттуктоо сөзү

Урматтуу мусулман бир туугандар! Ардактуу Ош шаарынын тургундары! Баарыңыздарды мээрим, ырайым, кут-береке жылоологон ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайм! Рамазан айы – тынчтыктын, сабырдуулуктун, кечиримдүүлүктүн ыйык айы. Бир ай бою жакшылыкка үмүт байлап, жакшы ниет менен орозо кармадык. Орозо айт – элибиздин илгертен бери белгилеп келген кайрымдуулук жана кубаныч майрамы. Бул күнү камкордуктун жана адамдык […]
Таңкы рейд: Н.Исанов көчөсүндөгү жолдор талаптарга ылайык иреттелет

Бүгүн, 29-март күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таң эрте менен Н.Исанов көчөсүнүн Озгур айылына караган аймагын кыдырды. Шаар башчысы тиешелүү кызматтарга бул жактагы кызыл сызыктан чыгып кеткен жана өз билемдик менен курулган чарбалык курулуштарды алып салуу, муниципалдык менчиктеги жер тилкелерди бошотуп, жолдорду ачуу жана кеңейтүү, жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуарларды куруу, ирригациялык жана суугат тармактарды […]
Ошто жалпы ишембилик өтөт

Ош шаарында жарыяланган жазгы үч айлыктын алкагында, 2025-жылдын 29-мартында шаар аймагында жалпы ишембилик өтөт. Шаардын тазалыгына, таза жашоого салым кошом деген бардык жарандарды ишембиликке чакырабыз! Таза шаар, таза коомду бирге куралы.