Ак-Бууранын жээги таанылгыс болуп өзгөрөт

Ак-Буура дарыясынын көп жылдан бери кароосуз калган жээгинин дагы 3 чакырымын көрктөндүрүү иштери жакында башталат. Бүгүн шаар мэри Б. Осмонов көчөсүнө чейинки аралыгын көрүп чыкты. Эми дарыянын жээги жаңыланып, заманбап эс алуу аймагына айланат. Бул жерде веложол жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курулуп, бак-дарактар отургузулат. Ошондой эле отургучтар орнотулуп, шаар тургундары сейилдеп, эс ала турган […]
Авиценна көчөсү 10 күндө бүткөрүлөт

Бүгүн 19-сентябрь Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Авиценна көчөсүндөгү жол оңдоо иштерин жеринен көрдү. Эске салсак, аталган жол И. Раззаков көчөсүнөн тартып “Орто Азия” мейманканасына чейинки бөлүгү оңдолуп жатат. Жооптуу кызматтарга тиешелүү тапшырмаларды берген шаар башчысы асфальтты басууну эртелетүүнү, жолдун курулушун сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды. Авиценна көчөсүндө бир аптадан кийин асфальттоо жумуштары башталат. https://www.facebook.com/share/r/1S75yqtt5y/
100 млн АКШ доллары: Ошто ири инвестициялык долбоор ишке ашырылат

Ош шаарынын мэриясы Кытай Эл Республикасынын Shandong Shanzuo Holding Group Co., Ltd. компаниясы менен инвестициялык кызматташтык меморандумуна кол койду. Тараптардын милдеттери: – мэрия: мыйзам чегинде долбоорду ишке ашыруу үчүн ылайыктуу жер тилкесин аныктоого, ошондой эле уюштуруу жана административдик маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтөт. – инвестор: долбоорду өз каражатынын жана/же тартылган инвестициялардын эсебинен каржылоону, долбоорлоону жана курууну […]
Таза шаар — жалпыбыздын эмгегибиз!

Ош шаарында жалпы республикалык ишембилик кызуу жүрүүдө. Бүгүн 19-сентябрда, шаарыбыздын бардык аймактарында көрктөндүрүү жана тазалоо иштери башталды. Иш-чаранын алкагында сейил бактар куураган жалбырактардан арылууда, бак-дарактар акталып, жашыл аймактар иретке келтирилүүдө. Ошондой эле көчөлөрдүн, коомдук жайлардын жана мекеме-ишканалардын айлана-чөйрөсү тазаланууда. Ишембиликке мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер менен бирге шаарыбыздын тургундары да жигердүү катышууда. https://www.facebook.com/share/v/1DEaSitev4/
Антикоррупциялык изилдөөгө катышууга чакырабыз!

Кыргыз Республикасынын калкынын коррупцияга каршы маалымдуулук деңгээлин изилдөөгө көмөк көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мыйзам чыгаруу институту жана укуктун үстөмдүгү борбору Кыргыз Республикасынын 2026–2027-жылдарга карата коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 9-пунктун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын калкынын коррупцияга каршы маалымдуулук деңгээлин изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Изилдөөнүн максаты — жарандардын […]
Ош көчөсүндө жумуштар алдыга жылды

Май айынан тарта Ош көчөсүн Ж. Раимбеков көчөсүнөн Т. Касымбеков көчөсүнө чейин төрт тилкелүү болуп кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Бул жол бүтсө “Ош” Эл аралык аэропортуна алып баруучу кошумча альтернатива жолдордун бири болуп кызмат кылат. Ушу тапта жолдун эки четине ирригациялык лотоктор орнотулууда. Буга чейин курулуштар алынып, жолдун негизи түзүлүп, канализация жана суу түтүктөрү тартылган. […]
Кулактандыруу!

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү муниципалдык жер тилкелерин аукцион аркылуу убактылуу ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча аукцион өткөрүлөрүн жарыялайт. Аукционго катышуучулар төмөндөгү дарекке кайрылышат: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты, Заднепровский көчөсү №4, 2-кабат, 5-каана. Керектелүүчү документтер: Физикалык жактар үчүн – паспорттун көчүрмөсү. Юридикалык жактар үчүн – нотариалдык жактан же каттоону жүргүзүүчү […]
Р. Абдыкадыров көчөсү кеңейтилүүдө

Ош шаарында Р. Абдыкадыров көчөсү кеңейтилүүдө. Аталган көчө Б. Осмонов көчөсүнө алып чыгат. Бул максатта долбоорго кирген жеке менчик турак жайлар буздурулууда. Шаар мэри Ж. Акаевдин тапшырмасынын негизинде менчик ээлери менен мэрдин орун басары Шумкарбек Пайзиев сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, турак жай ээлерине мыйзам чегинде тиешелүү компенсациялар толук төлөнүп берилет. Белгилей кетсек, учурда Ош шаарында бир эле […]
Ош шаарынын күнүнө карата шаар тургундарын эмне күтөт?

Ош шаарынын күнүнө карата 27-сентябрдан 5-октябрга чейин шаарда маданий, спорттук жана коомдук иш-чаралар өткөрүлөт. 27-сентябрь | 09:00–10:00 Эл аралык чуркоо марафону (Борбордук аянттан башталып, Ак-Буура үй-бүлөлүк эс алуу паркында өтөт). 29-сентябрь | 09:00–16:00 Оор атлетика боюнча Ош шаарынын ачык биринчилиги (Бокс жана оор атлетика спорт мектеби). 12:00–16:00 Ордо оюну боюнча студенттер арасында Ош шаарынын ачык […]
Ош шаарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери текшерилди

Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев жана Ош шаардык кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөлөрү көчмө жыйын өткөрүштү. Жыйындын жүрүшүндө 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жүргүзүп жаткан иштери жеринде текшерилди. Анын алкагында жылуулук, электр энергиясы, муниципалдык чарба жана башка тармактардын кышкы сезонго […]