Ошто масштабдуу эл аралык чуркоо марафону өттү

Бүгүн 27-сентябрь Ош шаарынын күнүнө карата эл аралык массалык чуркоо марафону өттү. Ага Өзбекстан, Беларусь Республикаларынан, Непал, Индиядан жана өлкөбүздүн жети дубанынан жалпы 400 адам катышты. Марафондун эрежеси боюнча спортчулар Ош шаарынын Борбордук аянтынан шаардын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү “Ак-Буура” үй-бүлөлүк эс алуу багына чейин жана кайра аянтка чейин, жалпы 7 чакырым аралыкка чуркашты. Спорттук иш-чарага Ош […]
Мамыров көчөсү: Жолго асфальт төшөлө баштады

Ош шаарында Мамыров көчөсүн жаңылоо иштери жүрүүдө. Курманжан Датка көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки 500 метрден ашык жол тилкеси толугу менен жаңыланууда. Учурда асфальттын биринчи катмары төшөлүп, жолдун эки тарабына ирригациялык лотоктор орнотулуп, тротуар куруу иштери жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары көчөнүн жарыктандыруу жана канализация системалары жаңыланган. Жолду жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү пландалууда. https://www.facebook.com/share/r/19jiAy7UR4/
Ош шаарында ынтымак жумалыгы башталды

Бүгүн 25-сентябрда, Ош шаарында эл аралык тынчтык күнүнө карата “Ынтымак жумалыгынын” ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев, мамлекеттик органдардын, эл аралык жана коомдук уюмдардын, жарандык коомдордун өкүлдөрү, активдүү жаштар катышышты. Жумалыктын алкагында Фергана өрөөнүндөгү социалдык ынтымак жана тилектештик, жарандык демилгелер, аялдардын тынчтык орнотуудагы ролу, инклюзивдүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу, […]
Ошто жыл аягына чейин балмуздак чыгаруучу завод ишке кирет

Бүгүн, 25-сентябрь Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “ОбидФайз” ЖЧКсынын балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу заводун көрүп чыкты. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 393,7 млн сомду түзүп, каражат ишкананын өздүк эсебинен каржыланган. Учурда заводдун курулуш иштери аяктап, ишкана пайдаланууга берүүгө даяр. Ишкананын суткасына 15 тоннага чейин сүт азыктарын чыгарууга даяр. Завод ишке кирген соң 60 жаңы, сезон […]
Ош шаарынын агрардык ишканасы быйыл 89,3 тонна түшүм жыйнады

Бүгүн 25-сентябрда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Агрардык чарба” муниципалдык ишканасында болуп, түшүм жыйноо жана күздүк айдап-себүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Быйыл ишкана 64,7 тонна буудай жана 24,6 тонна арпа жыйнап алды. Учурда күздүк айдоо жана себүү иштери башталды. Мындан тышкары, ишкананын гаражы айыл чарба иштерин жүргүзүүгө зарыл болгон техникалар менен толукталды. Бул техникалар жер […]
Мэр: Ош шаарындагы бала бакчалардын камсыздоосун колго алабыз

Бүгүн, 25-сентябрь Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын Тээке айылында 100 орундуу “Бал дүйнө” бала бакчасы пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, жергиликтүү тургундар, ата-энелер жана мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты. Белгилей кетсек, буга чейин Тээке айылында мектепке чейинки билим берүү мекемеси болгон эмес. Айыл тургундары балдарын бакчага берүү үчүн […]
Жапалакка жаратылыш газы берилди

Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында 5 миң кожолукка жаратылыш газы берилди. Жумушту Ош шаарынын мэриясынын каржылоосунда “Газпром” ЖЧКсы аткарды. Жалпысынан аталган аймакта 9 айылга 2 чакырымдай газ түтүгү тартылды. Эске салсак, Жапалак айылына газ тартуу көйгөйү мэр Жанарбек Акаевдин Президенттин тапшырмасынын негизинде эл менен жолугушуу учурунда айтылган. https://www.facebook.com/share/v/19TxX3NK9o/ 20 жылдан бери чечилбей келген маселе: Жапалакта […]
Мэр мушкер Акбар Абдуллаевди кабыл алды

Бүгүн, 24-сентябрь Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев мушкер Акбар Абдуллаевди кабыл алды. Өз сөзүндө шаар башчы мушкерди АКШда өткөн беттешиндеги жеңиши менен куттуктап, мындан аркы спорттук карьерасына ийгилик каалады. Мэр Акбар Абдуллаевге атайын белек ыйгарып, акчалай сыйлык тапшырды. Эске салсак, 15-сентябрда АКШда өткөн Dana White’s Contender Series турниринде Акбар Абдуллаев бразилиялык Эднилсон Сантос менен беттешип, […]
OSH INVEST FORUM 2026 : Инвестициядан өнүгүүгө

Бүгүн Ош шаарында алгачкы жолу OSH INVEST FORUM 2026 инвестициялык форуму өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, ишкерлердин, инвесторлордун жана ири компаниялардын өкүлдөрү катышышты. Мындан ары форумду жыл сайын өткөрүү пландалууда. Форумга Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев да катышып, шаарды өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, жаңы өндүрүштөрдү ачуу жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикирлер айтылды. Иш-чаранын […]
Ош шаары менен ЕККУ: кызматташтыктын жаңы багыттары талкууланды

Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Ош шаары менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана шаар үчүн маанилүү болгон багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелери талкууланды. Тараптар кызматташтыктын учурдагы багыттары боюнча пикир алмашып, […]