Ош шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы №11 «Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунуштар кабыл алынат

2024-жылдын 26-февралынан тартып Ош шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы №11 «Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилгечи: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы. Дареги: Ош шаары, Ленина көчөсү №318. Сунуштар жана сын-пикирлер үчүн байланыш телефон: (03222) 7-01-27. Сравнительная таблица […]
Көкүмбий көчөсүндөгү мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Ош шаарынын жашоочуларынын кайрылуусуна ылайык, муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Көкүмбий көчөсүндө уруксатсыз, өз билемдик менен курулган чатырларды алып салуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
“Амир-Тимур” муниципалдык аймактык башкармалыгынын инфраструктурасы жакшырат

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Амир-Тимур” аймагынын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушууда аймактык башкармалыктын башчысы тарабынан 2023-жылы, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, түнкү жарыктандыруу жана башка чарбалык иштердин аткарылышы боюнча кыскача маалымат берилди. Жарандардар тарабынан негизинен жол, газ, тазалык, мамычаларды орнотуу, трансформатор, коммуналдык, социалдык, жер тилкеге, турак жайга документтерди даярдоо маселелери көтөрүлдү. Бакытбек Жетигенов жергиликтүү жашоочулардын кайрылууларын угуп, […]
Жер тилкелерин ижара шартында убактылуу пайдаланууга конкурс өткөрүү жолу менен берүү үчүн коюлуучу ЛОТтор

Лот № Жердин дареги Максаты, мөөнөтү Аянтычарчы метр Старттык баасы (сом) 1. Ош шаарынын №1 Туран муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Ишматов көчөсүндөгү № 2Б/2 турак үйдүн батыш тарабында жайгашкан жер тилкеси Үч жылдык мөөнөткө, жашылдандыруу үчүн эч кандай курулуш курбастан, ижара шартында убактылуу пайдаланууга 339,0 19526 бир жылдык 2. Ош шаарынын №1 […]
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочуларынын көйгөйлөрүн укту

Жолугушуунун алкагында аймактык башкармалыктын башчысы 2023-жылы Ош шаарынын мэриясы тарабынан берилген тапшырмалардын негизинде аткарылган иштер, жетишкендиктер боюнча маалымат берди. Жолугушууда жашоочулар аймактагы негизги көйгөй катары, социалдык, курулуш, билим берүү, жол, экология, тазалык, тартип, жылуулук боюнча маселелерин айтышты. Мэр Бакытбек Жетигенов жарандардын көтөргөн маселеси боюнча жеринде жоопторду берди. Аны менен бирге тиешелүү мекеме-ишкана жетекчилерине иш алып […]
Мэрдин эл менен жолугушуусу уланууда

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында аталган аймактык башкармалыгынын башчысы 2023-жылы социалдык багытта, санариптештирүү, мыйзамсыз курулуштарды алып салуу, кош каржылоо программасынын алкагында аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат берди. Жолугушуу суроо-жооп иретинде өтүп, жергиликтүү жашоочулар аймактагы социалдык, курулуш, чарба, билим берүү, транспорт, коопсуздук маселелерине байланыштуу көйгөйлөрүн айтышты. […]
Мэр Бакытбек Жетигеновдун Ош шаарынын тургундары менен жолугушуусу башталды

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту. Мында, 2023-жылы аймактык башкармалыкта аткарылган жумуштар жана элден келип түшкөн кайрылуулардын негизинде аткарылган жумуштар боюнча жетекчинин маалыматы угулду. Анын негизинде жашоочулар аймакта орун алган айрым көйгөйлүү маселелер боюнча өздөрүнүн суроолорун беришти. Алсак, аймакта айрым көчөлөрдө жолдорду асфальттоо, тротуарларды, мектептерде жаңы туалеттерди куруу, балдарга […]
Бюджеттик коомдук угуу өтөт

Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга карата долбоору боюнча коомдук бюджеттик угуу өткөрүлөт. Күнү: 2024-жылдын 27-февралы саат 10:00дө. Өтүүчү жайы: Ош шаары, Ленин көчөсү № 221, Ош шаарынын мэриясы. Тиркеме местный бюджет 2024 (1) ПЗ к проекту мест.бюджета 2024 (1) Тиркеме местный бюджет 2024 (2) Тиркеме местный бюджет 2024 (3) Тиркеме местный бюджет 2024 (4) Тиркеме […]
“Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгында өз билемдик менен салынган чакан курулуштар буздурулууда

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан жарандырдын кайрылуусуна ылайык, Атабаев 1А жана Атабаев 3А көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда уруксаты жок, өз билемдик менен курулган курулуштар сүрдүрүлүп, буздурулууда. Аталган иштерге үйлөрдүн жашоочулары кол кабыш көрсөтүп, жардам беришүүдө. Жалпысынан 30гө жакын мыйзамсыз курулуштар бузулуп, алынат.
Шаар четиндеги жаңы конуштар өнүктүрүлөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Швейцария элчилигинин колдоосу менен каржыланган “Аракет” долбоорунун алкагында түзүлгөн Координдациялык кеңештин отуруму өттү. Жыйында долбоорго кирген муниципалдык аймактык башкармалыктарындагы, Алай-1, Алай-2, Эдельвейс жаңы конуштарынын маселелери талкууланып, соңунда быйылкы жылга “Эдельвейс” конушунда жаңы суу насосун орнотуу, “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгында балдар ойноочу аянтчаларды куруу, бул боюнча тиешелүү иш кагаздарды даярдоо милдеттери коюлду. […]