ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Абанын булганышынын алдын алуу чаралары

Бүгүн, Ош шаарындагы абанын булганышын жана түтүнгө каршы алдын алуу чараларын күчөтүү максатында жыйын өткөрүлүп, ага Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, Ош шаарынын мэриясына караштуу мекеме-ишканалардын, жогорку окуу жайлардын, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жетекчилери катышышты. Жыйындын алкагында Ош шаарында абанын булгануусуна себеп болгон сапатсыз көмүрдү, турмуш-тиричилик калдыктарын жакпоо, мектептерде абанын булганышы тууралуу тарбиялык сааттарды […]

Ооган согушунда каза болгон жоокерлер эскерилди

Бүгүн, 15-февраль күнү Ош шаарында Оогандан Советтик жоокерлердин чыгарылышынын 35 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов, Коргоо министринин орун басары, Түштүк-Батыш оперативдүү командачылыгынын кол башчысы Алмазбек Карасартов, Россия Федерациясынын башкы консулдугунун өкүлдөрү, Ооган […]

Ошто аялдарды колдоо жана коргоо боюнча форум өттү

Бүгүн, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Ош шаарындагы “Аялдар кеңеши” бирикмеси уюштурган “Аял-эне, аял-жар, аял-коомдун күзгүсү мамлекттин жаркын келечеги!” аталышында форум болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Ош шаарындагы Республикалык аялдар бирикмесинин төрайымы Атыргүл Кожоева жана окуу жайдын окутуучулары катышты. Форумдун алкагында университеттин илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрү үй-бүлөдө аялдардын укуктарынын бузулушунун алдын алуу жана коргоо, өнүгүү […]

Ош шаарындагы тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнө ишкерлерди текшерүүгө убактылуу мораторий киргизилгени боюнча түшүндүрмөлөр берилди

Бүгүн, Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2024-жылдын 23-январындагы 2 сандуу “Кыргыз Республикасынын Президентинин 09.01.2024-жылдагы ПЖ 1 сандуу ‘’Ишкердик субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу көрсөтмөсүн аткаруу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жана муниципалдык түзүмдөрдүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү. Жыйынга Ош шаарынын прокурорунун орун басары Абдирашит Кубатидинов, […]

Эвакуациялык комиссиясынын кезектеги жыйыны өттү

Бүгүн, Ош шаарынын аймагында жашоого кооптуу деп табылып, көчүрүүгө зарыл болгон турак жайлар боюнча тийиштүү иш-чараларын уюштуруу максатында эвакуациялык комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары, эвакуациялык комиссиясынын төрагасы Сонунбек Жунусбаев, жарандык коргонуу, жер ресурстары кызматтарынын, муниципалдык ипотекалык, аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты. Жыйында турак үйлөрү кооптуу аймакта жайгашкан жашоочулар коопсуз жайга көчпөй […]

Ош шаарынын миграциялык абалы талкууланды

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында мигранттардын учурдагы абалы боюнча тегерек стол өтүп, ага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, миграция боюнча иш алып барган тиешелүү тармактардын жана кызматтардын өкүлдөрү катышты. Жыйындын алкагында Ош шаарында ички миграция агымынан келип жашап жаткан жана чыгып кеткен жарандарга көрсөтүлгөн кызматтар, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарына миграциянын тийгизген таасири боюнча […]

Ош шаарында дагы эки социалдык дарыкана ачылды

Бүгүн, Ош шаарында үй-бүлөлүк медицина борборунун № 2,3 филиалдарында социалдык дарыканалардын ачылышы болду. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышып, калкты сапаттуу жана арзан дары-дармектер менен камсыз кылуу, баа саясатын туруктуу кармоо үчүн өлкө боюнча кошумча мамлекеттик дарыканаларды ачуу маанилүү экенин белгилешти. Белгилей кетсек, буга […]

Ош шаарынын мэриясы Good Neighbors International Эл аралык уюму менен биргеликте айыл жергесин өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырат

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Good Neighbors International Эл аралык бейөкмөт уюмунун Кыргызстандагы филиалынын директору Вон Иль Хён мырза менен жолукту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, анын ичинде каражат чогултуу программасынын (фандрайзинг программасы) алкагында кайрымдуулук акцияларын өткөрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле айыл жергесиндеги аялдарды колдоо, окутуу, логистикалык борборлордун, мектепке чейинки билим берүү […]

Жаш спортчулар арасында футзал боюнча ачык турнир өттү

Ош шаарында 13-15 жаштагы спортчулар арасында футзал боюнча ачык турнир өтүп, ага Ош шаарынан жана Ош облусунан жалпы 12 команда катышты. Жеңишке жетишкен командалар үстүбүздөгү жылдын март айында өтүүчү футзал боюнча республикалык чемпионатка катышат. Жеңүүчүлөргө шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан ар бир номинация боюнча медалдар, акчалай сыйлыктар жана белектер тапшырылды.

«Жооптуу бол» бир айлык медициналык акциясы башталды

Ош шаарында жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу максатында эркектер арасында “Жооптуу бол” аттуу бир айлык акция старт алды. Акциянын алкагында Ош шаарындагы үй-бүлөлүк медициналык борборунун дарыгерлери шаардагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердеги эркектердин кан басымы, жүрөк кан тамыр, кант диабети ооруларын алдын алуу боюнча ден соолугун текшерип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Белгилей кетсек, саламаттык сактоо министрлигинин буйругу […]