ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Мэрдин эл менен жолугушуусу уланууда

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында аталган аймактык башкармалыгынын башчысы 2023-жылы социалдык багытта, санариптештирүү, мыйзамсыз курулуштарды алып салуу, кош каржылоо программасынын алкагында аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат берди.

Жолугушуу суроо-жооп иретинде өтүп, жергиликтүү жашоочулар аймактагы социалдык, курулуш, чарба, билим берүү, транспорт, коопсуздук маселелерине байланыштуу көйгөйлөрүн айтышты.

Бакытбек Жетигенов ар бир жашоочунун айтылган жана кат жүзүндө берилген суроосуна жооп берип, сунуштарды эске алуу менен бирге маселелерди жеринен көрүп чыгаарын билдирди. Ошондой эле, быйылкы жылы кичи райондорду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп ички жолдор менен тротуарлар оңдолоорун белгиледи.

Тиешелүү кызматтардын жетекчилерине айтылган маселелерди чечүү боюнча тапшырмалар берилди.

Окшош жаңылыктар

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

Видео