ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Мектепке чейинки билим берүү мекемелерин өнүктүрүү долбоору старт алды

Бүгүн, Ош шаарында жеке менчик бала бакчаларды жана мектепке чейинки билим берүү борборлорун өнүктүрүүгө багытталган акселерация программасынын ачылышы болду. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, АРнин өлкө боюнча директору Жылдыз Исабекова катышып, мектепке чейинки билим берүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Белгилей кетсек, “Биз камкорбуз” аталышындагы акселерация программасы бүгүн старт алып, эки ай бою уланат. Жалпысынан […]

Кезектеги таштанды ылгоочу аянтча ишке кирди

Бүгүн, “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасы Кулатов кичи районунда жалпы аянты 105 чарчы метрди түзгөн, тиричилик таштандыларын ылгоочу бешинчи аянтчаны ишке киргизди. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов долбоор менен жеринде таанышып чыгып, шаардыктардын таштандыларды жыйноо маданиятын жогорулатуу максатында ишке ашырылып жаткан долбоор шаардагы экологиялык абалды бир топ жакшыртаарын белгиледи. Ошондой эле мындай аянтчалар шаардын бардык аймактарында курулаарын […]

Илимий – практикалык ыкмалар менен шаарды өнүктүрүү сунушталды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасына ылайык бүгүн Ош шаарынын мэриясынын демилгеси менен Ош шаарын өнүктүрүү, шаардын инфратүзүмүн жакшыртуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү багытында илимий-практикалык ыкмалар менен иш алып баруу максатында Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары, илимий кызматкерлери менен кеңешме өткөрүлдү. Кеңешмеге Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, Ош мамлекеттик […]

Жер тилкелерин ижара шартында убактылуу пайдаланууга конкурс

Конкурс өткөрүү күнү “Ош шамы” коомдук саясий гезитине же болбосо Ош шаарынын мэриясынын сайтына жарыя чыккан күндөн баштап 30 күндүк мөөнөт өткөндөн кийин төмөндөгү даректе өткөрүлөт: Ош шаары, Заднепровский көчөсү №4, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты. Конкурска катышуучулар Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Ош шаары, Заднепровский көчөсү, №4) төмөнкү документтерди тапшыруулары зарыл: 1. Физикалык […]

Мамлекеттик кызматкерлер арасында кыргыз тилинде иш кагаздары жүргүзүү боюнча окуу-семинарлары өттү

Ош шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын кызматкерлерин иш кагаздарын жүгүртүүдө мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарын аткаруу жана сабаттуулукту арттыруу максатында кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча окуу-семинарлары өткөрүлдү. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын мамлекеттик тилди пайдалануу талабынын негизинде Ош шаарынын мэриясы тарабынан мындай окуу-семинарлары жыл бою улантылат. Бул жолу шаардагы 80 ге жакын […]

“Баатыр эне” төш белгиси тапшырылды

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” орденин жана “Эне даңкы” медалдарын тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, орун басары Нурбек Кадыров, көп балалуу энелер жана алардын жакындары катышты. Калаа башчысы коомдун өнүгүшүнө жана келечек муундун калыптанышына өзгөчө салым кошкон энелерге бекем ден-соолук каалап, алган жогорку сыйлыктары менен куттуктады. […]

Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйыны өттү

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун, орун басарлардын, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда коллегиялык жыйыны өттү. Жыйындын күн тартибинде Ош шаарында 2023-жылы жасалган жалпы жумуштардын жыйынтыктары чыгарылып, 2024-жылга алдыга коюлган максаттар, жасалчу жумуштар, ири долбоорлорду ишке ашыруудагы мүмкүнчүлүктөр […]

Орке айылында 180 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Бүгүн, Ош шаарынын Жапалак аймактык башкармалыгынын Орке айылында эски мектеп бала бакчага өзгөртүлүп, пайдаланууга берилди. №36 “Керемет дүйнөсү” бала бакчасынын ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаты Бексултан Үсөнов, шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Эскерте кетсек, буга чейин 2023-жылдын сентябрь айынын соңунда Ош шаарынын мэри Бакытбек […]

А. Навои эс алуу жайынын бир бөлүгүндө шаардыктар үчүн жаңы эс алуу аймагы курулууда

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Сай-Бою көчөсүндөгү А. Навои эс алуу жайы менен “Ферас” бассейнинин ортосунда жүрүп жаткан жаңы эс алуу аймагынын курулушу менен жеринде таанышты. Мында жарандардын эс алуусу үчүн амфитеатр, памп-трек, скейт-парк, воркаут, балдар ойноочу аянтчалары, сейилдөө үчүн сквер, оргумалар курулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт. Белгилей кетсек, аталган долбоор Ош шаарынын […]