Жайкы театрды оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө

Бүгүн, Токтогул Сатылганов атындагы сейил багында орун алган жайкы театрда жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштери менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов таанышып чыкты. Мэр жасалып жаткан бардык жумуштар сапаттуу жасалып, мөөнөтүндө бүткөрүлүшү керектигин билдирди. Белгилей кетсек, долбоор боюнча театрдын имаратын толугу менен оңдоп-түзөө жана куруу боюнча иштерди бүткөрүү үстүбүздөгү жылдын апрель айына белгиленген. Аталган курулуш Ош […]
23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган “Мекеним Кыргызстан” аттуу патриоттук ырларды мыкты аткарган күч органдары жана Ош шаарындагы жогорку окуу жайлар арасында кароо-сынак жарыяланат

❗️Сынактын шарттары: Конкурска катышуучулардын жаш курагы 17 жаштан 35 жашка чейин уруксат; Сынакта конкурсант патриоттук ырларды аткарууга тийиш; Ар бир конкурсант 1 гана чыгарма аткарат; Эгерде эстрадалык ыр болсо минусун колдонуп, жандуу үн менен аткаруу керек же музыкалык инструменттердин коштоосунда аткарса болот; Ушул Жободо көрсөтүлгөн мөөнөттө катышуучу өзү жөнүндө жана […]
“Жапалак” унаа базарына кошумча үч жол ачуу каралууда

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун жетекчилиги астында административдик-аймактык реформанын алкагында Төлөйкөн айыл өкмөтүндө жана Жапалак айыл аймагында кошумча жолдорду ачууга мүмкүн болгон жерлерди жеринен көрүп чыкты. Бул кошумча жолдорду ачуу менен, “Жапалак” унаа базарына кеткен жол тыгынынын алды алынып, маселе толугу менен чечилет. Белгилей кетсек, кошумча жолдорду ачуу үч этапта ишке ашат, тагыраак айтканда […]
Мектеп окуучуларын спортко үндөө

Ош шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети, шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан жаштар арасында спортту жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында иш-чаралар өткөрүлө баштады. Алсак, бүгүн Ош шаарындагы мектептерде ачык сабактар жана эркин форматтагы класстык сааттар өткөрүлүп, анын алкагында окуучуларга ден-соолукка туура кам көрүү, чыңдоо, алдыда боло турган спорттук иш-чаралар тууралуу маалыматтар берилип, мектеп […]
Мэр жеке маселелери боюнча жарандарды кабыл алды

Спорт шаарчасында шарт жакшырат

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Сай-Бою көчөсүнүн боюнда жайгашкан бир катар спорттук мекемелерге барды. Мында жаңыдан курулушу жүрүп жаткан муниципалдык күрөш залын көрүп, андан ары «Дельфин» бассейнин, А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионун, Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Калаа башчысы жеринде тиешелүү кызматтарга шаардын спорт тармагын өнүктүрүү максатында «Дельфин» бассейнинин […]
Колдонуудан чыккан атайын техникалар эсептен чыгарылууда

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасында болду. Ал жердеги техникалык жактан эскирген, иштен чыккан автобустарды жана троллейбустарды эсептен чыгаруу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Аталган ишкананын балансында турган 67ге жакын пайдаланылбай турган техникалар жобого ылайык эсептен чыгарылууда.
Ленинграддын блокададан бошотулгандыгына 80 жыл

Ош шаарында блокададагы Ленинграддын бошотулганынын 80 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өткөрүлүп, ага Ош шаарынын мэриясынын, Орусиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун, Ош шаарындагы Орус үйүнүн, Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин, Кыргызстан элдеринин достугу ассамблеясынын жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү ошондой эле мектеп окуучулары катышты. Эскерүү иш-чаралары “Өчпөс от” мемориалдык комплексине гүл чамбар коюу менен башталды. Чогулгандар […]
Ош шаарынын мэриясы БУУӨП менен эки тараптуу кызматташтыкты бекемдейт

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьеванын жолугушуусу болду. Жолугушууда тараптар жарандардын жыргалчылыгы үчүн биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда эки тараптуу байланыштарды чыңдоону талкуулашты. Замир Юсупов Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы шаар тургундарынын турмушун жакшыртууга багытталган ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга кошкон салымы […]
Ош шаарында жаңы өрт-куткаруу станциясы ачылды

Бүгүн Ош шаарында Кыргызстанда табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу иш-чараларын күчөтүү демилгесинин алкагында курулуп жаткан өрт-куткаруу станциясынын жаңы имаратынын ачылышы болду. Ачылышка Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шайлообек Козубаев, Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу […]