ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Авиценна көчөсү кеңейтилет

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык Манас-Ата аймактык башкармалыгындагы Авиценна көчөсүн кеңейтүү иштери башталды. Учурда жол четиндеги кызыл сызыкка чыккан курулуштарды алып салуу, жолду кеңейтүү, курулуш калдыктарын алып чыгуу жумуштары жүрүп жатат. Аны менен катар Жекелик каналынын корук аймагындагы курулуштар алынып салынып, каналдын жээги тазаланууда. Жолду кеңейтүү иштеринин алкагында Авиценна көчөсү Раззаков көчөсүнөн тарта […]

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жогорку окуу жайларынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жогорку окуу жайларынын ишмердүүлүгү менен таанышуу иштеринин алкагында бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде болду. Мында окуу жайдын шарттары, техникалык, материалдык базасы менен таанышып, студенттердин окууга катышуусун көрүп, лекцияларга катышууда.

Мэр Ж.Токторбаев: Билим берүүнүн сапатын көтөрөлү

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн күндүн экинчи бөлүгүндө мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолугушуусу өттү. Алгач билим берүү башкармалыгынын башчысы жалпы маалымат берип, баяндама жасады. Андан соң калаа башчысы Ош шаарынын аймагында жасалган жана учурда жүрүп жаткан жумуштар боюнча токтолуп өттү. Мэр шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлеринен коррупцияны токтотуу, мектеп, […]

Э. Алиев көчөсү пайдаланууга берилди

Бүгүн, 3-сентябрда Ош шаарындагы кеңейтилип, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн Э. Алиев көчөсү пайдаланууга берилди. Көчөнүн ачылышына мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жашоочулар катышты. Узундугу 740 метрди түзгөн көчөгө шаар бюджетинен бөлүнгөн каражаттын эсебинен асфальт төшөлүп, жолдун эки жагына тротуар салынды жана суу кетирүүчү лотоктор орнотулду.

Алымбек датка менен Курманжан датканын бейитине жаңы күмбөз куруу иши башталды

Бүгүн, 3-сентябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Сары мазар көрүстөнүндөгү Алымбек датка менен Курманжан датканын бейитине барды. Калаа башчы дин өкүлдөрү жана даткалардын урпактары менен жолугуп, көрүстөндө кан чыгарып, куран окулду. Ошондой эле жаңыдан курула турган күмбөздүн долбоорун талкуулашып, бүгүнтөн тарта иш башталды. Мындан сырткары көрүстөндүн кире бериши да оңдолот. Бул иштерге УКМК төрагасы Камчыбек […]

✅Мэр бир катар мектептерди кыдырды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жаңы окуу жылынын алгачкы күнүндө бир катар билим берүү мекемелерине барды. Киров мектебинин имаратынын алдына төшөлгөн асфальтты көрүп чыкты. Буга чейин мэр мектептин айланасын тартипке келтирип, окуучулар үчүн басуучу жолдорду асфальттоо тапшырмасын берген болчу. Жеңишбек Токторбаев Фрунзе мектебинен да кабар алды. Бул билим уясынын айланасы мэрдин тапшырмасы менен окуу жылына […]

Мэр: С. Жигитов мектебин үлгүлүү мектепке айлантабыз

Бүгүн мэр Жеңишбек Токторбаев Ош шаарындагы С. Жигитов орто мектебине барып, мугалимдер жана окуучулардын ата-энелери менен жолугушту. Калаа башчы аталган мектептин айланасындагы башаламан орун алган мыйзамсыз курулуштар алынганын, эми тазалоо иштери жүрүп, короосу тосула турганын айтты. Мындан тышкары, ата-энелердин өтүнүчү боюнча мектептин алдындагы жолго жол чырак орнотуу маселесин тиешелүү кызматтарга кароого тапшырды. Учурда С. Жигитов […]

Ош шаарындагы мектептер окуучуларга эшигин ачты

Бүгүн, 1-сентябрда Ош шаарындагы мектептерде жаңы окуу жылы башталып, майрамдык линейкалар өттү. Мэр Жеңишбек Токторбаев А. Навои мектебиндеги салтанаттуу иш-чарага катышып, жалпы окуучуларды жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Калаа башчы мугалимдердин түйшүктүү жумушуна ийгилик каалап, ата-энелерди тыгыз, ынтымакта иштешүүгө чакырды. Быйыл шаардагы мектептерге 5 миңден ашуун бала 1-класска кабыл алынды. Ал эми […]

Юсупов Замир Байышович

Туулган күнү: 27-январь 1986-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2003-2008-жылдары. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) Университети. Эл аралык мамилелер факультети
Адистиги: Дүйнөлүк экономика.
2013-жыл. КР каржы министрлигинин окуу борбору. Бишкек.Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис.
2015-жыл. Кытай-Европа окуу борбору. КЭР. Ухань шаары. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн эл аралык семинар (Сертификат).
2015-жыл. КР экономика министрлиги, БУУнун программасы. Ош шаары.
Регионалдык деңгээлдеги туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планы (Сертификат).
2017-2019-жылдары. М. Адышов атындагы Ош Технологиялык Университети. Автомобилдик транспорт жана тейлөө технологиялары факультети.
Адистиги: Транспорттук процесстер технологиясы.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2009-2010-жылдары. «Би-Стар» ЖЧКсы, Mercedes–Benz компаниясынын расмий өкүлү. Бишкек шаары. Унаа тетиктер менен камсыз кылуу жана бажы иштери боюнча башкы адис.
2010-2012-жылдары. КР УИА химия жана химиялык технологиялар институту. Бишкек шаары.Башкы адис, экономист.
2012-2013-жылдары. Пахтаны кайра иштетүүчү заводу-«Ак-Алтын» АК, Ош облусу, Кара-Суу шаары. Директордун орун басары.
2013-2014-жылдары. КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы, Бишкек шаары. Мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы.
2015-2021-жылдары. Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы.
03.03.2021-06.09.2021 – Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.
10.2021 – 04.2023 – «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Ош шаарындагы транспорт кызматынын жетекчиси.
26.04.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Исаев Марс Асанович

Туулган күнү: 14-август 1981-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2020-2023-жылдар. М.Адышов атындагы Ош технологиялык университети.
Адистиги: өнөр жай жана жарандык курулуш.
2019-жылдан азыркыга чейин М Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети.
Адистиги: Аспирантура.
2003-2006-жылдар. Кыргыз-Орус Славян университети
Факультет: Юриспруденция
Адистиги: Кылмыш-жаза укугу.
1998-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Факультет: Финансы жана кредит
Адистиги: Банк иши (кызыл диплом)

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2006-2007-жылдары. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы. “ТӨБ” мамлекеттик ишканасы. Сатып алуулар боюнча адис.
2009-2010-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2009-2011-жылдары. «Нур Телеком» жоопкерчилиги чектелген коому, «О» мобилдик түйүнүнүн соода маркасы. Башкы директордун биринчи орун басары.
2011-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2012-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык көзөмөл жана финансы органдары менен иштөө боюнча аймактык башкармалыгы. Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы адиси.
2015-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын Ош облусу боюнча президенти.
2021-жылдан баштап – Кыргыз Республикасынын «Аргымак» ат спорту ассоциациясынын президенти.
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.

Азат Кубатбек уулу

Туулган күнү: 31-март,1991-жыл.
Туулган жери: Чүй обласы, Токмок шаары

БИЛИМИ:
2014-жыл – Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети. Адистиги: Юриспруденция.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
23.12.2015 – Токмок шаардык мэриясы, уюштуруу иштери жана документтик камсыздоо бөлүмү;
08.01.2016 – Токмок шаардык кеңеши;
19.03.2018 – Токмок шаардык мэриясы, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти;
02.08.2021 – Токмок шаардык кеңеши;
05.04.2022 – Saima Telecom, агенттик сатуу тобу;
07.12.2022 – Кыргыз Республикасынын Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Уюштуруу-укуктук иштер, экономика жана инвестиция тартуу бөлүмү;
30.01.2023 – Ош шаарынын мэриясы.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору.

Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич

Туулган күнү: 27-июль, 1984-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ: Жогорку
2006-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Эл аралык мамилелер;
2011-жылы – Ош мамлекеттик юридикалык институту. Адистиги: Юриспруденция;
2013-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр);
2020-2022-жылдары – Мэйдзи университети (Токио, Япония) Адистиги: Мамлекеттик башкаруу (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
09.15.2008 – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин түштүк аймактык башкармалыгы;
03.11.2010 – Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү;
08.12.2011 – Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы;
04.11.2016 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, КСДПнын депутаттык комиссиясынын катчылыгы;
13.06.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору.

Джунусбаев Сонунбек Калмаматович

Туулган күнү: 29-июль, 1985-жыл.
Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу районунун Каарман айылы.

БИЛИМИ:
2007-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: тарых мугалими;
2017-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Юриспруденция;
2021-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
02.01.2008 – Ош шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети.
25.02.2008 – ОшМУ, «Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы» кафедрасы;
01/08/2009 – Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмү;
02.01.2011 – Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети;
20.02.2019 – Ош шаарынын мэриясынын №2 “Сулайман-Тоо” МАБы;
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович

Туулган күнү: 30-май, 1966-жыл
Туулган жери: Чүй району, Сайлык айылы
1984-1986 -жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

БИЛИМИ:
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун «машыктыруучу-мугалим» адистиги боюнча аяктаган;
2013-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтун юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2010-2015 – Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты;
2015 – 2021 – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты;
28.11.2022-жылдан баштап Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.