ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Салык чек: Ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош шаарында КР Салык кызматы мэрия менен биргеликте өткөрүп жаткан “ККМдин бактылуу чеги” лотореясынын алкагында калаадагы ишкерлерге кардарына салык чегин милдеттүү түрдө берүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ош шаардык мэриясы жана салык кызматы ишкерлерди салыктык жоопкерчиликтен качпоого, ал эми жарандарды сөзсүз чек талап кылууга чакырат. https://www.facebook.com/share/r/1DtSnmo2Mb/

Ош шаарында окуучулар үчүн атайын автобустар каттамга чыкты

Ош шаарында мектептерден алыс жайгашкан аймактарда жашаган окуучуларды ташуу үчүн алгачкы атайын мектеп автобустары каттамга чыкты. Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев окуучулар менен бирге автобуска отуруп, балдарды ташуу үчүн түзүлгөн шарттар жана транспорттун мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. Мектеп автобустары коопсуздук талаптарына ылайык жабдылып, окуучулар үчүн ыңгайлуу отургучтар, кондиционер жана башка зарыл шарттар каралган. Атайын автобустардын […]

Ош шаарында “Урпак” бала бакчасы ачылды

Бүгүн Ош шаарында ачылган эки бала бакчанын бири “Урпак”бакчасы. 100 балага ылайыкташкан мектепке чейинки билим берүү уюмунда 2 жаштан 5 жашка чейинки бөбөктөр тарбияланат. Бала бакчанын ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, тарбиячылар, ата-энелер катышты. https://www.facebook.com/share/v/16RHtxyTk48/

Шаар күнүндө төрөлгөн ымыркайларга белек берилди

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин демилгеси менен 5-октябрь Ош шаарынын күнүндө шаардык төрөтканада төрөлгөн ымыркайлар үчүн сүйүнчү бокстар тапшырылды. Эң керектүү делген каражаттарды калаа башчысы өзү даярдап, эне жана балдардан кабар алып, белектерди берди. Белгилей кетсек, Ош шаардык төрөт стационарында 5-октябрь күнү 38 ымыркай жарык дүйнөгө келген. Жанарбек Акаев шаар күнү төрөлгөн бөбөктөргө белек берүү […]

200 миң сом акчалай сыйлык: Ошто мугалимдер күнү белгиленди

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 5-октябрь мугалимдер күнүнө карата өткөн салтанаттуу иш-чарада мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Өз сөзүндө мэр кыргыз мугалими басып өткөн татаал жолду, азыркы түзүлгөн шарттар жана муктаждыктарды айтып өттү. Майрамдык салтанаттын алкагында “Жылдын мыкты мугалими-2026” республикалык сынагында 1-орунду багындырган мугалимдер – Ашимжан Кебеков жана […]

Ош шаарында бир күндө эки бала бакча, эки мектеп пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин аралыктан катышуусунда Озгур айылында да мектеп ачылды. С. Алымкулов мектеби Озгур айылында жайгашып, 320 га жакын окуучуга ылайыкталган. Ачылышка Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов катышты. Белгилей кетсек, ушу тапта Ош шаарында билим берүү мекемелери үзгүлтүксүз курулуп, пайдаланууга берилүүдө. Учурда […]

Ош шаарында 500 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн 6-октябрь КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин онлайн катышуусунда ачылган өлкөдөгү 20 социалдык объектинин катарында, Ош шаарындагы №60 Сүрөттүү-Таш мектеби да ачылды. Аталган жалпы билим берүү мекемеси калаанын Сүрөттүү-Таш айылында жайгашып, 500 окуучуга ылайыкташкан. Жаңы билим уясын көрүп чыккан мэр Жанарбек Акаев мектеп мыкты курулганын айтып, мугалимдер менен баарлашып, аларды кесиптик майрамы менен куттуктады. […]

Ош шаарында 450 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы №10 “Топ-Жылдыз” мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратында капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктап, бүгүн 6-октябрь пайдаланууга берилди. Ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, тиешелүү жетекчилер жана бакча жамааты катышты. Калаа башчы өз сөзүндө шаардагы бала бакча тартыштыгын жоюу аракетинде экенин билдирип, бардык аракеттерибиз балдар үчүн деп билдирди. […]

Ош шаарынын күнүнө карата улуттук спорттук мелдештер өткөрүлдү

Ош шаарынын күнүнө карата улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө жана жаштар арасында жайылтууга багытталган бир катар мелдештер өткөрүлдү. Алардын алкагында көк бөрү боюнча Ош облусунун жаштар чемпиондугу уюштурулуп, ага 18–24 жаштагы оюнчулардан түзүлгөн командалар катышты. Үч күнгө созулган мелдешке Ош облусунун райондорунан жана Ош шаарынан жалпы 7 команда катышты. Мелдешке катышкан командалар: 1. Ноокат району; 2. […]

Инвестиция: Ош шаарында заманбап медициналык борбор ачылды

Бүгүн 5-октябрда Ош шаарында “Клиника Ош” заманбап медициналык борборунун ачылыш аземи өттү. Салтанатка Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, КР Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун тең төрагасы жана медицина кызматкерлери катышты. Мэр өз сөзүндө бул борбордун ачылышы шаар үчүн маанилүү кадам экенин белгилеп, долбоорго колдоо көрсөткөн Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондуна ыраазычылык билдирди. “Бул долбоор Кыргызстан […]