ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жеке курамынын гарнизондук бөлүштүрүүсү өткөрүлдү

Борбордук аянтта бүгүн, 17-ноябрда боло турган шайлоого карата коомдук коопсуздукту сактоого, мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган Ош шаарынын ички иштер органдары тарабынан көрүлгөн даярдыктарды текшерүү максатында гарнизондук бөлүштүрүү болуп өттү. Даярдык боюнча өткөрүлгөн иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Дамир Исаков, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, мамлекеттик жана муниципалдык […]

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган илимий-чыгармачыл жаштар форуму өттү

Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган илимий-чыгармачыл форуму өттү. Форумда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү, мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталар, кыргыз кесипкөй адабиятынын жаралышы жана белдүү залкар акын-жазуучулар, алардын адабий мурасы жөнүндө Кыргызстан, Өзбекстан, […]

Ош шаарында билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

Бүгүн, 13-ноябрда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгында жогорку окуу жайларынын жетекчилери, шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, мектептердин жана балдар бакчаларынын директорлору менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын, Ош шаардык прокуратурасынын, УКМКнын өкүлдөрү катышты. Жолугушууда окуучулардын коопсуздук ченемдерин жана эрежелерин катуу сактоо, билим берүү […]

“Rest Point” эс алуу жайында саякатчылар үчүн эс алууга, маалымат алууга бардык шарттар түзүлгөн

Туристтер интерактивдүү дисплейден Ош шаарындагы туристтик жайлар менен тааныша алат. Каалоочулар бул жерден кофе же чай ичип, эс алышат. Аны менен бирге телефондорду, электр унааларын кубаттоо мүмкүнчүлүгү да бар. Мындан сырткары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын социалдык муктаждыктары үчүн бөлмөлөр каралган. “Rest Point” жыл бою иштейт. Алар жылуулук, ысык суу жана канализация менен камсыздалган. Белгилей […]

Ош шаарында эркин күрөш боюнча эл аралык турнир болуп өттү

Ош шаарында спорт чеберлери ага-инилер Ахмет жана Мухаммед Абитовдордун жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча XI Эл аралык турнир болуп өттү. Жыл сайын өтүүчү ири спорттук иш-чарага Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана өлкөнүн ар кайсыл аймактарынан келген 150гө жакын спортчу катышты. Алар 14 салмактык категорияда күч сынашты. Жеңүүчүлөргө Ош шаарынын спорт комитети тарабынан баалуу белектер жана […]

3-декабрь – Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын Эл аралык күнүнө карата майыптуулугу бар таланттуулар арасында “Элдик кол өнөрчүлөр” аттуу кароо-сынак жарыяланат

Сынактын эрежеси жана катышуунун шарттары: Сынакка жарыя чыккан күндөн тарта 2024-жылдын 28-ноябрь саат 18:00 чейин каттоо жүргүзүлөт (өздүгүн аныктаган документтердин көчүрмөлөрү паспорт, күбөлүк ж.б); Жаш курагы 14 жаштан 40 жашка чейинкилер; Катышуучулар кол өнөрчүлүктүн каалаган багыты боюнча катыша алышат ( курак, токуу, саймачылык, асем буюмдар, зер буюмдар, жыгачтан жасалган буюмдар жана башка ушулар сыяктуу) ; […]

Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү максатында жумушчу комиссия төмөндөгү мүлктөрдү сатууга аукцион жарыялайт

Аукционго катышуучулар Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Ош шаары, Заднепровский көчөсү, №4) төмөнкү документтерди тапшыруулары зарыл: ➡︎ Физикалык жактар үчүн – паспорт. ➡︎ Юридикалык жактар үчүн нотариалдык же каттоо жүргүзүүчү каттоо органы тарабынан тастыкталган түзүүчү (учредительный) документтердин нускасы (чет элдик эмес ишкананын статусун тастыктаган), уюмдун өкүлүнө – конкурс үчүн белгиленген формадагы ишеним кат жана […]

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун 10-ноябрь “Бүткүл дүйнөлүк жаштар” күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу Ош шаарынын жаштары! Сиздерди 10-ноябрь “Бүткүл дүйнөлүк жаштар” күнү менен Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын! Жаштар биздин үмүтүбүз жана өлкөбүздүн келечеги. Сиздердин ийгиликке жана жеңишке болгон ар бир кадамыңыздар Кыргызстандын эртеңине, беделине кошкон салымыңыздар. Ата-бабаларыбыз бизге мурас калтырган эгемендүү мамлекетибиз бар. Нечен кылымдарды карытып, далай кыйынчылыктарды, сыноолорду баштан кечирген […]

Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү максатында жумушчу комиссия төмөндөгү мүлктөрдү сатууга аукцион жарыялайт

Аукционго катышуучулар Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Ош шаары, Заднепровский көчөсү, №4) төмөнкү документтерди тапшыруулары зарыл: ➡︎ Физикалык жактар үчүн – паспорт. ➡︎ Юридикалык жактар үчүн нотариалдык же каттоо жүргүзүүчү каттоо органы тарабынан тастыкталган түзүүчү (учредительный) документтердин нускасы (чет элдик эмес ишкананын статусун тастыктаган), уюмдун өкүлүнө – конкурс үчүн белгиленген формадагы ишеним кат жана […]

Ош шаарынын 4 спортчусу Таэквондо ITF боюнча Дүйнөлүк Кубокто чемпион болушту

2-8-ноябрь күндөрү Ташкент шаарында таэквондо ITF боюнча Дүйнөлүк Кубок өттү. Ага Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын курамында Ош шаарынан 13 спортчу катышып, алардын ичинен 4 спортчу алтын медаль, 3 спортчу күмүш медаль дагы 2 спортчу коло медаль тагынышты. Мындан тышкары, үч спортчу курама командасынын курамында командалык спаррингдерде 2-орунду ээлешти. Чемпионатка жалпы жонунан 34 өлкөдөн 1200гө […]

Юсупов Замир Байышович

Туулган күнү: 27-январь 1986-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2003-2008-жылдары. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) Университети. Эл аралык мамилелер факультети
Адистиги: Дүйнөлүк экономика.
2013-жыл. КР каржы министрлигинин окуу борбору. Бишкек.Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис.
2015-жыл. Кытай-Европа окуу борбору. КЭР. Ухань шаары. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн эл аралык семинар (Сертификат).
2015-жыл. КР экономика министрлиги, БУУнун программасы. Ош шаары.
Регионалдык деңгээлдеги туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планы (Сертификат).
2017-2019-жылдары. М. Адышов атындагы Ош Технологиялык Университети. Автомобилдик транспорт жана тейлөө технологиялары факультети.
Адистиги: Транспорттук процесстер технологиясы.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2009-2010-жылдары. «Би-Стар» ЖЧКсы, Mercedes–Benz компаниясынын расмий өкүлү. Бишкек шаары. Унаа тетиктер менен камсыз кылуу жана бажы иштери боюнча башкы адис.
2010-2012-жылдары. КР УИА химия жана химиялык технологиялар институту. Бишкек шаары.Башкы адис, экономист.
2012-2013-жылдары. Пахтаны кайра иштетүүчү заводу-«Ак-Алтын» АК, Ош облусу, Кара-Суу шаары. Директордун орун басары.
2013-2014-жылдары. КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы, Бишкек шаары. Мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы.
2015-2021-жылдары. Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы.
03.03.2021-06.09.2021 – Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.
10.2021 – 04.2023 – «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Ош шаарындагы транспорт кызматынын жетекчиси.
26.04.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Исаев Марс Асанович

Туулган күнү: 14-август 1981-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2020-2023-жылдар. М.Адышов атындагы Ош технологиялык университети.
Адистиги: өнөр жай жана жарандык курулуш.
2019-жылдан азыркыга чейин М Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети.
Адистиги: Аспирантура.
2003-2006-жылдар. Кыргыз-Орус Славян университети
Факультет: Юриспруденция
Адистиги: Кылмыш-жаза укугу.
1998-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Факультет: Финансы жана кредит
Адистиги: Банк иши (кызыл диплом)

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2006-2007-жылдары. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы. “ТӨБ” мамлекеттик ишканасы. Сатып алуулар боюнча адис.
2009-2010-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2009-2011-жылдары. «Нур Телеком» жоопкерчилиги чектелген коому, «О» мобилдик түйүнүнүн соода маркасы. Башкы директордун биринчи орун басары.
2011-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2012-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык көзөмөл жана финансы органдары менен иштөө боюнча аймактык башкармалыгы. Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы адиси.
2015-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын Ош облусу боюнча президенти.
2021-жылдан баштап – Кыргыз Республикасынын «Аргымак» ат спорту ассоциациясынын президенти.
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.

Азат Кубатбек уулу

Туулган күнү: 31-март,1991-жыл.
Туулган жери: Чүй обласы, Токмок шаары

БИЛИМИ:
2014-жыл – Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети. Адистиги: Юриспруденция.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
23.12.2015 – Токмок шаардык мэриясы, уюштуруу иштери жана документтик камсыздоо бөлүмү;
08.01.2016 – Токмок шаардык кеңеши;
19.03.2018 – Токмок шаардык мэриясы, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти;
02.08.2021 – Токмок шаардык кеңеши;
05.04.2022 – Saima Telecom, агенттик сатуу тобу;
07.12.2022 – Кыргыз Республикасынын Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Уюштуруу-укуктук иштер, экономика жана инвестиция тартуу бөлүмү;
30.01.2023 – Ош шаарынын мэриясы.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору.

Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич

Туулган күнү: 27-июль, 1984-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ: Жогорку
2006-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Эл аралык мамилелер;
2011-жылы – Ош мамлекеттик юридикалык институту. Адистиги: Юриспруденция;
2013-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр);
2020-2022-жылдары – Мэйдзи университети (Токио, Япония) Адистиги: Мамлекеттик башкаруу (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
09.15.2008 – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин түштүк аймактык башкармалыгы;
03.11.2010 – Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү;
08.12.2011 – Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы;
04.11.2016 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, КСДПнын депутаттык комиссиясынын катчылыгы;
13.06.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору.

Джунусбаев Сонунбек Калмаматович

Туулган күнү: 29-июль, 1985-жыл.
Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу районунун Каарман айылы.

БИЛИМИ:
2007-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: тарых мугалими;
2017-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Юриспруденция;
2021-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
02.01.2008 – Ош шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети.
25.02.2008 – ОшМУ, «Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы» кафедрасы;
01/08/2009 – Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмү;
02.01.2011 – Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети;
20.02.2019 – Ош шаарынын мэриясынын №2 “Сулайман-Тоо” МАБы;
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович

Туулган күнү: 30-май, 1966-жыл
Туулган жери: Чүй району, Сайлык айылы
1984-1986 -жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

БИЛИМИ:
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун «машыктыруучу-мугалим» адистиги боюнча аяктаган;
2013-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтун юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2010-2015 – Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты;
2015 – 2021 – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты;
28.11.2022-жылдан баштап Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.